www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Баш ооруларынын эле түрү арбыды, бул да заманга байланыштуубу?
-- Өзүнүн себептери жана белгилери менен баш оорунун 150дөн ашык түрлөрү бар. Азыркы заманда үй-бүлөнү багуу, насыя төлөө ж.б. көп көйгөйлөр деле албетте баш оорутат.
Шакый, тригеминалдык-вегетативдик баш оору, жөтөлдөн баш ооруйт, травма менен, кан тамырлардын бузулушу, инфекция жолу менен, психикалык бузулуу, айтор, түрү арбын. Адам өзү дарттан сактанып, убагында дарыгерге кайрылып турганы оң.
-- Кант диабети дартынын да баш ооруну жараткан терс таасири барбы?
-- Кант диабети дарты баардык органга терс таасирин тийгизет. Жүрөккө дагы, мээге дагы ж.б. баардык органдарга өтө тескери таасирин тийгизет. Себеби, тамырлардын ичин тарытып, кан жүгүртүүнү азайтып, мээнин алсызданышына шарт түзүп коёт.
Кант таттуу болгону менен уу болуп эсептелет. Канда кант көп болгондо денеге уулуу таасирин берип, ошол жагынан дагы терс таасир жаратып, кан тамырларды ууландырат. Ошондуктан кантты өтө ашыкча пайдаланбай, өз өлчөмү менен гана пайдаланган оң.
Булак: Азия News гезити