www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен иштеген ЧОП (частное охранное предприятие) Кант шаарындагы бир казино менен келишим түзгөн эле. Ал кезде мен мушташкан жагынан кесиптештеримдин ичинде атагым чыгып калган мезгил.

Ансыз деле казинодо күндө мушташасың да. Мисалы, акчасын уттуруп жаткан неме аппараттарды чапкылайт, тепкилейт, бөтөлкөлөрдү ыргытат, сөгүнөт, түкүрөт, жаны кашайып ойнойт.

Отуруп алып кнопка басып, күлүп- жайнап, сүйгөнүнө көз кысып, шампанское ичип, утуп алып байып кеткен кинодо эле болот экен.

Уттуруп жиберип, «Акчамды бергиле!» деп чыгат. Сөзсүз бир нерсени сындырат, оператор кызды коколойт, кол салат.

Ушунун баарына охрана жоопкер катары тийиштүү реакция жасайт. Анан эшектей мушташ башталат. Дубинка менен эсин оодара салып туруп, шайы кеткенде жанчып салат элем .

Көпчүлүгүнүн оозу жаман, өзүн кыйын сезгендер толтура. Аларды кайра тургузуп туруп, ГБР келгенде чогуу жанчыйт элек. Андан кийин милиция чакырабыз. Алар дагы жанчып туруп, акчасын кагып жөнөтөт.

Казино деген ушундай болот…

Ушундай жактан шыгым бар болчу. «Мыкаачы эле баласың» деп оператор кыздар айтып калат эле. Мен жанчып атканда карай алышчу эмес.

Шефим дагы мени ошол үчүн жакшы көрөт эле. «Канттагы казиного сен барышың керек. Айлыгыңды көтөрөм. Тамак-ашка акча берем. Такси менен барып келесиң. Баарын төлөйм» деп калды. Андайды укканда макул болосуң да.

Кантка бардым. Ал жакта Жылдыз деген кыз иштейт экен. Мага окшоп жаңы келиптир. Бир жума иштегенден кийин анан билдик.

Ошол казинонун жанынан охранникти өлтүрүп кетишкен экен. Мушташып кетишип, эшикке чакырыптыр. Чыкканда эле бычактап салган экен. Акча уттургандар өлтүрүп кетишиптир, кыскасы. Үч адам кармалып, бирөө соттолуп кеткен экен. Экөө кийин келип, дагы ойноп жүрүштү.

Бир жолу бирөөсү аппаратты чапкылап калды. Улам барып, «Братан, акырын эле басчы. Сынса мен төлөп калам» деп коём. Тиги болбойт, улам күчөйт. Оператор кызды дагы сөгүп баштады. Барсам, мага жинденип, урушуп кеттик.

Акырын туруп, чыгып кеткен. Бир сааттан кийин келип, «Эшикке чык, сүйлөшөбүз» дейт. Чыкпай койдум. Беш-алтоо кирип келип, мени сүйрөп чыгышты.

Казино экинчи этажда болчу. Тепкичтен түшүп баратканда, түртүшүп жатып, жыгылдык. Ошондо оператор кыз бирөөнүн колунан бычак көрүп калган экен. Мен көзүмдү ача албай калгам. Тепкилеп, чапкылап атышкан .

Ошол кезде тиги кыз чуркап келип эле үстүмө жатып алды. "Тийбегиле" деп, кыйкырып, ыйлап жатат. Тигилер болбой эле мени тарсылдатып тепкилеп аткан.

Бир кезде "кеттик" деп туруп эле, чыгып кетишти. Көрсө, тиги кыздын моюнунда акча салган кичине баштыгы бар болчу. Ошону жулуп алып, качып кетишиптир. Ичинде 140 миң сом бар болчу. Кыскасы, акчаны алдырдык. Менин болсо мурдум сынган, көз ачылбай калган.

Кантка ГБР чакырсаң, жарым саатта араң келет эле. Болбосо, бир саатта келет. "Өмүрдү конго таштап иштептирмин" деп калам азыр. Кокус жанагы акча болбогондо эмне болот элек?..

Анан милиция чакырып, арыз жаздык.

Баягы камалбай калган экөө камалып кетти. Калгандары соттолгон жок.

Сот болуп жатканда билдим. Көрсө, мурдагы охрананы камалып кеткен бала эмес, мени менен урушкан бала сайган экен. Сотто мойнуна алып кеткен.

Эми казино мыйзамына келсек, колдосоңор, колдогула. Бирок, казино бар жерде мафия болоорун унутпагыла. Криминал сөзсүз аралашат. Ошолор менен азыркы өкмөт күрөшө алабы?

Криминалга жол ачып, коррупционерлерге мүмкүнчүлүк эле берип жатасыңар. Эртең азабын балдарыңар эле көрөт.

Автор: Талантбек Тыналиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости