www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кембагал өлкөнүн генералы көп дегендей, Кыргызстанда кембагалдар менен генералдардын гана саны өсүүдө. Мындай пикирин журналист Алмаз Темирбек билдирди.

«Кембагал өлкөнүн генералы көп...

Садыр Жапаров генералдык чиндерди кол жоолуктай эле таратты. Төрт ай иштеген Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, 5 ай иштеген Сыймык Жапыкеевге генерал- майор, ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековго генерал-майор, Баткенге губернатор болгонуна бир айга жете элек Өмүрбек Суваналиевге генерал-полковник (1-даражадагы мамлекеттик кеңешчи) чинин ыйгарды.

Кембагал өлкөнүн генералы көп дегендей, Кыргызстанда кембагалдар менен генералдардын гана саны өсүүдө.

Мынча болгон соң мамлекеттин башкаруу системасын, Конституцияны өзгөртүү боюнча элге жек көрдү болгонуна карабастан, эки референдумду өткөрүү үчүн жеңден кончко куюлган болгон жөндөм, касиетин жумшаган Акылбек Жапаровго Кыргыз эл баатыры «Ак шумкар» орденин ыйгарса жарашчудай...

Сыягы, президент Садыр Жапаров: «Мен өзүм Нобель сыйлыгына көрсөтүлүп жатсам, генералдык чин кеп бекен», - десе керек...

Бир эсептен ооматы ооп, кызматтан кете турган болушкандар жанталашып чин, сыйлык алып калууга ашыгып калышчы эле. Поезддери эрте эле келип калдыбы?», - деп суроо салган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости