www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттарды шайлоодогу жаңы жобо талаш-тартышты жаратты көрүнөт. Мындай пикирди саясат таануучу Алмазбек Акматалаиев билдирди.
--"35 депутат бир мандаттуу, 55 депутат партиялык тизме менен деген жаңы жобо талаш-тартышты жаратты көрүнөт.
Терең чумкуп кирбей, менин жеке пикирим: мажоритардык да, пропорционалдык да шайлоо системаларынын артыкчылыгы да, кемчилиги да бар. Бул жөнүндө көп жолу айтылды мурун эле. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бир палаталуу Жогорку Кеңешке аралаш шайлоо системасы сунуш кылынып жатат! Жакшы болобу же начар болобу аны тек гана ошол болочок Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү көрсөтө алат. Ага чейин бири-бирибизди коркутканда майнап чыкайт.
Үч нерсе маанилүү:
1. Президенттик башкаруу системасында да көз карандысыз, күчтүү, жигердүү, принципиалдуу парламент аба менен суудай керек.
2. Кандай система болбосун, маселе шайлоочулардын өзүндө! Биз кимди шайласак, ошол адамдар депутат болуп келет да, бийликтин бир бутагына айланат.
3. Мурунку президенттик-парламенттик деп аталып келген башкаруу системага караганда азыркы системада Жогорку Кеңештин негизги функциясы бул мыйзам чыгаруу болот! Сапаттуу мыйзам чыгаруу үчүн байлык эмес, билим, тажрыйба жана инсандык позиция керек", - дейт Акматалиев.
Булак: NazarNews.kg