www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президент логистикалык борборлорду куруу, өзбекстан менен биригип, Камбар Ата ГЭСин салуу жана ФАПтарды куруу боюнча аракеттерди жасай баштады», - деди бүгүн, 19-июлда NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.
- Турсунбек агай, эмнегедир коомчулукта президенттин кадыры, рейтинги боюнча маселе көтөрүлүп, бири түштү десе, бири жогорулады дешет. Сиздин баамыңызда президенттин рейтинги жогоруладыбы же төмөндөдүбү?
- Садыр Жапаровдун мурдагы рейтинги кандай болсо, ошол бойдон эле турат. Көтөрүлүп да, түшүп да кеткен жок. Тагыраагы, мурда кандай рейтингде президент кылып шайласак, ошол бойдон эле турат. Бул абдан чоң жетишкендик. Кээ бир президенттер шайлангандан көп өтпөй эле 20-30- же 10 пайыз түшүп кетет. Садыр мырзада андай болгон жок. 8-9 айда стратегиялык мамлекеттер менен Борбор Азиядагы кошуналар менен мамилелерибизди жаңы деңгээлге көтөрө алдык. Айрыкча, Түркия, Казакстан, Россия жана башка мамлекеттер менен мамилебизди бышыктап алдык. Президент кесиптештери менен байланышып, эл аралык деңгээлде өзүн көрсөтүп, чиеленишкен көп маселелерди чечкенге аракет кыла баштады. Буюрса, чек араны чечүү, сызуу, тактоо иши оор болсо да ордунан жыла баштады.
- Бирок, тажиктерге чек ара үчүн барганы туура болдубу же айрым саясатчылар айткандай мамлекеттин кадырын кетире турган иш кылдыбы?
- Ушул маселеге токтолоюнчу. Көптөр президент тажикстанга барып, мамлекеттин кадырын кетирди деп орунсуз сындап жатышат. Чынында тажиктер экспансиялык жол менен акырындан жерибизди басып келе жаткан. Эл чек ара маселесин чечиңиз деп президентке маселени кабыргасынан койгон. Мына ушул жагдайларды эске алып, президент Тажикстанга барууга мажбур болду. Кыскасы, президент логистикалык борборлорду куруу, өзбекстан менен биригип, Камбар Ата ГЭСин салуу жана ФАПтарды куруу боюнча аракеттерди жасай баштады.
Ошондой эле экономиканы көтөрүү маскатында Түркиядан 6-7 ири долбоорго кол койду. Кыскасы, экономиканы жогорулата турган иштерге кирише баштады. Президент мына ушундай аракеттери менен эл арасындагы рейтингин сактап, кадырын жогорулатып жатат. Бирок, алдыда көйгөйлүү маселелер да толтура. Кыш келатат, кургакчылык болуп, малга тоют жетишпейт деген маселелер жаралат. Мына ушундай маселелерди чечүү дагы президенттин рейтингине таасир этет. Ошондуктан, улуттук диолог кылып, мамлекет башчы эл менен биргеликте иштеши керек. Коомдук саясий күчтөрдүн баары амбицияларын жыйыштырып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышы керек. Ошондо гана мамлектибизде маселелр ырааттуу чечилип, өнүгүү жолуна түшөбүз.
- Электр энергияга тарифтин жогорулабаганын президент элдин пикири менен эсептешкени десек болобу?
- Албетте, элдин жашоо шартын эске алып, кыйналса өкмөт кыйналсын, эл кыйналбасын деп жеген чечим кабыл алганы эл үчүн пайдалуу болду. Кымбатчылык күч алып, тамак-аштын баасы жогорулап турган учурда электр энергиясынын баасын жогорулатуу моралдык жактан туура эмес деп, чектөлөрдү четке кагып, электр энергиясы пенсия, пособие көтөрүлгөндөн кийин баасы жогорулайт дегени чыны менен колдоого ала турган иш боллду. Президент элдин жонунан кайыш тилбеген туура чечим кабыл алды.
- Баса, президентти кай бирөөлөр мактайт, ошол эле мезгилде сындагандар да бар. Негизи ажобуздун мактоого ала турган, колдоого ала турган иштери барбы?
- Албетте, бар. Мисалы чек арада ок атылып, биздин жарандарга кол салынганда ачууга алдырбай, сабырдуу болуп, тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылганы, эл аралык мыйзамдарды сыйлап, макулдашууларды эске алып, канга–кан деп тажиктерге ок аттырбаганын эл аралык уюмдар жана дүйнө коомчулугу эл аралык жана дүйнөлүк институттардын алдындагы алган милдетин так аткарды, сабырдуулук кылды, жаңжалды күч алдырбай чечүүгө аракет кылды деп мактап жатышат. Америкага барганымда Бириккен улттар уюмунун кеңсесинен эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолукканымда дагы президент Садыр Жапаров тажиктер менен болгон кагылышууда эл аралык уюмдардын шарттарын сактады, мыйзамдарын сыйлады деп баса белгилешти. Мына ушул нерселер да Садыр Жапаровдун мактоого татый турган мыкты сапаттарынан десек болот.
Дагы бир мактоого татыган иши «Мекенчил» деген партиясын шаардык кеңештин шайлоосуна да, башка шайлоолорго да катыштырбай койгону болду. Тагыраагы, «бир эле партиянын же бир эле уюмдун жетекчиси болбостон, мамлекеттин жетекчиси болуп кала берем, бир партияга артыкчылык бербейм дегени да Садыр Жапаровдун мактоого алса боло турган жакшы иштеринен болду. Ал бул кадамы менен мурдагы президенттердин кетирген катачылыгын кайталаган жок.
Булак: NazarNews.kg