www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  саясат таануучу, профессор Алмазбек Акматалиев менен элдин көңүл борборундагы айрым маселелер боюнча ой бөлүштүк

--Алмазбек мырза, Өзбекстандын премьер-министри менен Кыргызстандын вице-премьер министри Бороновдун жолугушуусунан жыйынтык чыгат, экинчи мындай жаңжал кайталанбайт деп ишенсек болобу?

--Албетте, мындан ары жаңжал чыкпайт деп кепилдик бере албайт, себеби эң негизги маселе - чек аранын тактыгы, ишке аша элек. Бирок, майда - чүйдө чыр чатактан коркпош керек. Алар мурун да болгон, кийин да боло берет. Чек арадагы талаштардын табияты өзү ошондой. Негизги жоопкерчилик бул эки тараптын жергиликтүү калкына жүктөлөт. Ошолор бири-бирин жек көрүүнү, бири-бирин күнөөлөгөндү токтотуп, ынтымак кадамдарга барышы зарыл. Башка жол жок, баары бири-биринен бир жакка көчүп кете алышпайт да акыры.

Негизи айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде биргелешкен бир комиссия түзүп, кандай гана маселе чыкпасын, ошол комиссияга салыш керек. Антпесе, эки тараптын тең үнү угулбай, маселе Өкмөт деңгээлине чыга берет. Ошого жол бербеш керек. Мисалы, ортодогу булактын суусун чогуу пайдалануу үчүн да Өкмөттөр аралык Комиссия керекпи?

Айтайын дегеним, ар бир тарап өз өкмөттөрүнө жеткизбей, маселени жеринде чечкенди билсе, ошондо гана тартип болот.

--Кубанычбек Жумалиевдин үйүнүн тинтилгени “Чоң казаттын” максаты ишке ашканын далилдейби?

--Кубанычбек Жумалиевдин айланасында пайда болгон жагдай боюнча бийлик абдан туура кылды. Баардык мындай талаштар мыйзам алкагында чечилиш керек. Эки тараптын тең дооматтарын мамлекеттик укук коргоо органдары дыкат текшериш керек, жана жыйынтык чыгарыш керек. Ушул эң туура жана мыйзамдуу жол болот.

--“Чоң казат” мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп байыган деселе финансылык полиция текшерүгө ала бериши керекпи?

--Кеп атаганда эмес, укук коргоо органдарга расмий кат жолдонушу керек. Бирок, мисалы финпол, фейсбуктагы материалдарды деле расмий кайрылуу деп эсептегенге мыйзам жол берет. Күнөөсү жок адам текшерүүдөн коркпош да, качпаш да керек. Себеби, ар бир сотко чейинки териштирүү реестрине катталган кайрылуу сөзсүз түрдө териштирилиш керек. Мыйзадын талабы ошондой.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости