www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган кишиден куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 5-июнда 32 жаштагы милиционер Кара-Жыгач токоюна чуркоого чыккан.

"Токойдон кыздын кыйкырганын уккан. Ал тарапка барганда белгисиз киши кызды жерге жаткырып, зордуктоого аракет кылып жаткан", — деп жазылат маалыматта.
Зордуктоого шектелген киши качып жөнөгөнү менен тартип сакчысы аны кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берүүгө жетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости