www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-февралда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карады. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка ылайык, сот мурдагы президентти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты. Анын камактагы мөөнөтүн 7-апрелге чейин узартты.

Жактоочулар Алмазбек Атамбаев бир жыл төрт айдан бери тергөө абагында отургандыктан жана саламаттыгына байланыштуу аны бошотуу же үй камагына чыгаруу керек деп эсептешет. Алар мыйзам боюнча шектүү тергөө абагында бир жыл гана кармалууга тийиш деген жүйө келтирип жатышат.

Бул иште Атамбаев менен катар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, гематолог Абдухалим Раимжанов жана ЖАМКнын ошол кездеги жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев айыпталууда.

Белгилей кетсек, жогорку сот былтыр 30-ноябрда Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра караш үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Ага чейин, июнда райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Эске салсак, кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылы октябрда өткөрүлгөн.

Мындан тышкары мурдагы президентке карата Кой-Таш окуялары жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштердин баары бириктирилип, учурда сотто каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости