www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Алмазбек Атамбаев эки айылды эриктирбей, эки элди бириктирбей, Кой-Таштагы хансарайында ар кандай фокустарын көрсөтүп жатат.

Блокпостторду коюп, биотуалеттерди, матрас, эки кабат керебеттерди ташып келип, уй-торпок союп, таштарды түшүрүп, алардын үстүн чөп менен жаап. Кыскасы, тынч турмушта элди козутуп, өзүнчө эле ээлигип, согушка даярданып жатат. Эң коркунучтуусу, бул психикалык жактан жабыркаган кишиге айрымдардын ишенип жатканы.

Анан дагы буларды мен эмес, эл алып келип атат, деп жанды жегеничи! Айткылачы, кайсы арашандык үйүндөгү букасын Атамбаев үчүн сүйрөп келсин? Ким экен андай берешен? Буга ким ишенсин? Албетте, түрмөгө түшпөйүн деп болгон акчасын чачып, элге эптеп септеп шарт түзүмүш болуп атат да, деп жазат Учур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости