www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагында кармалып жаткан айрым мурдагы жетекчилер менен жолугуп чыкты.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 26-майда Мамытов жана акыйкатчы аппаратынын абактагылардын укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Алберт Колопов атайын кызматтын тергөө абагына барып келишти.

"Алар Алмазбек Атамбаев, Айбек Калиев, Каныбек Осмоналиев, Дүйшөн Зилалиев, Албек Ибраимов, Сардор Абдрахманов, Бектурсун Айталиевдер менен жолугуп, кабар алган. Сүйлөшүү учурунда экс-президент Атамбаев кан басымы өйдө-ылдый болуп жатканын айтса, Каныбек Осмоналиев ден соолугу жакшы эместигин билдирген", —деп айтылат маалыматта.

Маалыматта “Осмоналиев ден соолугу начар болуп жатканын айтып, далил катары Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын медициналык аныктамасын көрсөттү. Атамбаев кан басымы туруктуу болбой жатканын айтты. Жогоруда аты аталган адамдар айрым судьялар жана тартип коргоо органдарынын жетекчилери мыйзамсыз иштерге барганын айтып, нааразылык билдиришти” деп айтылат.

Акыйкатчы даттануу жана кайрылуулардын баарын жазып алып, аппарат кызматкерлери тарабынан анализ жүргүзүлөрүн кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости