www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Турсунбек Акун:

Саясатчы, КДКнын төрагасы, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун кыргызстандагы, саясат айдыңындагы мурунку жана азыркы айрымачылыктар тууралуу NazarNewsка маек берди.

“Азыркы саясатчылар менен, биздин  убактагы саясатчылардын айрымасы асман менен жердей.   Кыргызстандагы алгачкы демократиялык кыймыл болуп эсептелген “Кыргызстан демократиялык кыймылы” 1990-жылдын  26-майында түзүлгөн. Мына бүгүн туура 30-жыл болду.  Ал кезде ”Кыргызстан коммунистик партиясы” жетектеп келген. Алар олтур десе олтуруп, тур десе туруп, элдин баары башкарылып келген. Кыргызстанда  коммунисттик партияга алгачкы ирет, эң биринчи альтарнатива катары   КДК чыкты. Кыргызстандагы демократиялык күчтөр биригип, КДК деген уюмду түзүп алдык. Бул “Ашар”, “Асаба” партиясы, дагы көптөгөн уюмдар биригип, чоң уюум болду. Азыр жаштар чогулуп атат го, ошол сыктуу эле КДКнын офисине эл  миңге чейин жетип, адамдар штабка   батпай  кетчү. КДКнын төрагалары бар, алар айтылуу жазуучу Казат Акматов, демократ агабыз Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев. Кийинчерээк  бизге Дооронбек Садырбаев агабыз келип жүрдү. Жаштары 40-50гө барып калган агалар, биз болсо 30дун тегерегиндеги жаштарбыз. Ал кезде партия, коомдук уюм деген жок болчу. Кыргызстандын тарыхында КДК номер биринчи  кыймыл болду.  Бир да партия жок, бир да пресса жок, бир да кыймыл жок ишибизди баштадык”,- деди Турсунбек Акун.

 “Ал кезде акча, “лайк”   деген жок”.

Маекти толугу менен төмөнкү видеодон көрүңүздөр. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости