www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен Fact-checking долбооруна жакында “Апрель” телеканалына берген маегимде Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодо 1 МВт электр энергиясынын факт жүзүндөгү өздүк наркынын катышы жана кошуна өлкөлөрдөгү ушундай эле объектилер боюнча келтирген цифралардын аныктыгын териштирүүгө жасаган аракети үчүн ыраазычылык билдирем.
Fact-checking жасаган отчетко ылайык, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо Казакстандагы ушул сыяктуу 2 объектини (ЖЭБ -4 Караганды жана ЖЭБ -3 “Семей”) реконструкциялоого караганда эки эсеге арзан түшкөнү боюнча келтирилген маалыматтар толугу менен тастыкталган.
Ошол эле маалда мен Fact-checking долбоорунун Дүйшөмбү ЖЭБнин наркы боюнча бүтүмүнө таптакыр макул эмесмин. Fact-checking долбоорунун адистери Кытай Эл Республикасынын Дүйшөмбү ЖЭБдин курулушунун экинчи этабындагы (331,5 миллион доллар) кредитин гана эске алышкан, бирок таптакыр түшүнүксүз себептер менен Тажикстандын өзүнүн өкмөтү кошкон 17 миллион долларды четке кагып коюшкан. Бул цифраларды ар бир жаран салыштырып көрө алат жана Fact-checking долбоорунун адистериндеги 331,5 миллион долларды эмес, бардык маалымат каражаттарына жарыяланган 350 миллион доллар деген цифраны оңой эле таба алат.
Мындай болгон учурда, Дүйшөмбү ЖЭБдин бириктирилген эки этабы анда 528, 9 миллион доллар турат жана кошумча 400 МВТ кубаттуулук берет. Бул 1 МВт үчүн 1,28 миллион доллар деген мен келтирген маалыматка ылайык келет. Башкача айтканда, ал баары бир биздин реконструкциядан кымбатыраак болуп чыккан.
Fact-checking тажик бийлиги Дүйшөмбү ЖЭБди курган кытайлык компанияга иштетүүгө өткөрүп берген эки алтын кенинин реалдуу маанисин да эске алган эмес. Fact-checking муну жөн гана «акы төлөөнүн» жупуну шарты деп атаган. Бирок Тажикстан «Восточная Дуоба» жана «Верхний Кумарг» деп аталган эки алтын кенин жеңилдетилген шартта иштетүүгө өткөрүп берген. Айрым эксперттердин берген баасы боюнча алтындын чогуу кошкондогу 130 -150 тонналык запасы бар аталган эки кен реконструкция үчүн ТВЕА компаниясына берилген.
Турушунан алганда бул кыргыздын эки Жер үйү. Маалым болгондой, биз Жер үйдү иштеткени үчүн инвестордон Кыргызстандын бюджети 100 миллион АКШ долларын алуусуна жетишкенбиз. Бул кенди иштетүүгө гана болгон укук үчүн! Анан Тажикстандагы эки алтын кенин иштететкенге укук алуу эмнени билдирерин өзүңүздөр карап, жыйынтык чыгара бериңиздер.
Анүстүнө ТВЕА ЖЭБди курууга кеткен чыгымдарын актамайынча бул кендерден чыккан алтынды сатуудан түшкөн бүт пайданы ала берет жана андан кийин гана кендер боюнча кепилденген макулдашууну алат. БУЛ АКЫ ТӨЛӨӨНҮН ШАРТТАРЫ ЭМЕС, БУЛ АКЫ ТӨЛӨӨНҮН ӨЗҮ. Анткени кендердеги 4-10 миллиард долларлык алтын жөнүндө кеп болгондо, сиз аларга жеңилдетилген шарттар менен жетиш үчүн канча ЖЭБ болсо да куруп бергенге даярсыз.
Өзбекстандагы Төрөкоргон ЖЭСнын наркын эсептөөдө менин жардамчыларым кетирген каталарды байкаганы үчүн адистерге ыраазымын. Тилекке каршы, жардамчыларым 24.kg порталындагы «Жаңы ЖЭБдин наркы канча турат?» деген макаладан натуура бааны алышып, кубаттуулукту алмаштырып алышкан.
Бирок Төрөкоргон ЖЭС боюнча келтирилген мисалдар башынан эле туура эмес болгонун башка эксперттер да байкашкан, анткени ал ЖЭБ (жылуулук энергия борбору) эмес, ЖЭС (жылуулук электр станциясы) катары классификацияланат. Бишкек ЖЭБди реконструкциялагандан кийин биз кошумча 300 МВт электр энергиясын гана албай, шаарга дагы 300 Гигакалория жылуулукту да кошумча таратып жатабыз. Төрөкоргон ЖЭСи электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн гана курулган жана анда ысык суу менен жылуулук энергиясын бере турган функциялар жок. Бул эгерде ЖЭБ болгондо, демек анда өздүк наркы да кыйла жогору болмоктугу түшүнүктүү.
Тажикстан менен салыштыруу жагы боюнча Бишкек ЖЭБдин кубаттуулугунун өсүшүнүн 1 МВт өздүк наркы Дүйшөмбү ЖЭБди куруудагы 1 МВт.тын өздүк наркына караганда арзан түшкөнүн тастыктай бермекчимин.
Ал эми кытайлык компанияга Тажикстандагы эки алтын кени өткөрүп берилгенин эске алсак, анда Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу 1 МВт электр энергиясынын өздүк наркы Дүйшөмбү ЖЭБдеги көрсөткүчкө караганда алда канча арзан түшкөн болуп чыгат.
Fact-checking долбоорунун адистери өзүлөрү жүргүзгөн иштин сапатына таасир эткен бардык факторлорду эске алышаарын маанилүү деп эсептейм.
Булак: NazarNews.kg