www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 30-июнда Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бир гана Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгендиги үчүн жооп берүүгө даярдыгын айткан.
Атамбаев ушул үчүн гана аны соттоого мүмкүн экендигин билдирди.
«Алар бизди башка жакка алып бара жатышат. Мен өзүмдү бир гана нерсе үчүн күнөөлүү деп эсептейм. Мени Сооронбай Жээнбековдун бийликке келүүсүнө жардам бергеним үчүн соттоого болот. Калганынын баары жөн гана ушак, калп сөздөр», — деди мурдагы ажо.
27-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Атамбаевдин кол тийбестигин алган. Эмки кадам укук коргоо органдарынын кылмыш жообуна тартуусунда калды. Атамбаевге жалпы беш кылмыш ишине шектүү деген күнө тагылууда.
Булак: NazarNews.kg