www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 16-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталып жаткан иштердин айрымдары боюнча сот отуруму өтүүдө. Ага учурда ооруканада дарыланып жаткан Атамбаев өзү да катышууда. Отурум жабык өтүп жатат.
Алмазбек Атамбаев сотко "Тез жардам" унаасы менен келген.
Жактоочулардын айтымында, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана мурдагы "Себат" окуу жайынын түркиялык 10 демөөрчүсүнө кыргыз жарандыгы берилген факт боюнча иштер каралууда. Бүгүнкүгө тараптардын жарыш сөзү пландалган.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.
Булак: NazarNews.kg