www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«ТЭЦ» кайгысы: "Айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулабы?"

1. «ТЭЦ» кайгысы 2. ТВЕА ишканасы менен болгон келишим; 3. Парламент каякты карап турду? 4. Алмазбек Атамбаев «ТЭЦ» жөнүндө эмне дейт? 5. «ТЭЦтин» курулушу жана «Энергохолдинг»; 6.Сатыбалдиев күнөөнү «Электр станциялар» ишканасынын жетекчилигине түрттү; 7. Кыргыз элине Артыкбаевдин жардамы көп тийген; 8. Артыкбай калпа ким? 9. Осмонбек Артыкбаевдин айыл элине өтөгөн кызматы

ТЭЦти модернизациялоо кечээ гана чыга калган жок, ал Бакиевдин бийлиги учурунда көтөрүлгөн. 2010-жылы февралда Максим Бакиев ЦАРИИ менен дүйнөлүк банктын сунушу менен 150 млн доллар жана ТВЕА компаниясы тарабынан 200 млн. долларга сунушталган бул маселени караган. Ал кезде де-юре Курманбек Бакиев президент болсо, де-факто Максим Бакиев ЦАРИИси менен жетектеп, премьер-министр Данияр Үсөнов ага 707 кабинетке отчет берип турган. 2010-жылы 15-январда Максим Бакиев Кытайга делегацияны жетектеп барган, март айында Ынтымак курултайы Максим Бакиевди түбөлүк президент кылуу маселесин көтөргөн. Ал Орусиянын «Манас» авиабазасын кетирүү тууралуу сунушун четке кагып, АКШ менен кызматташтык кылам деп Вашингтонго кеткенде, бийлик алмашылган.

«ТЭЦ» кайгысы

Иван Крыловдун «Карышкыр жана козу» деген тамсили бар. Карышкыр суу ичип жатса козу ылдый жагында суу ичип жатыптыр. «Сен эмне менин ичкен суумду булгап жатасың?»-десе, «Мен ылдый жагынан ичип жатам» -дейт козу. «Былтыр да менин ичкен суумду булгагансың!»-дейт карышкыр. «Былтыр мен төрөлө элек болчумун» -дейт козу. «Сен булгабасаң, сенин жакындарың булгады да» -деп карышкыр козуга тиш салып, көтөрүп кетет. 2010-жылы февралда дүйнөлүк банктын сунушу менен 150 млн доллар жана ТВЕА компаниясы тарабынан 200 млн.долларга ТЭЦти оңдомок экен. Осмонбек Артыкбаев ал кезде саясаттан четтеп, парламент депутатын өткөзүп берип, «Неманда» бизнеси менен алектенип калган. Түшүнгөн кишиге бул жерде эмне деген зордук турат? 150 млн долларга макул болбой койду, анда ТВЕАга 200 млн долларга оңдото бербейби. Эгер мамлекеттин келечегин караса, анда бааны ылдыйлатат эле, эмнеге оңдотуунун баасын 386 млн долларга көтөрүп, эптеп өнүгүп келаткан мамлекетти Кытай компаниясынын жетегине салып беришти? Келишим түзүлгөн күнү эле мамлекеттин тарткан зыяны 111 млн 252 миң 797 доллар болгон. Бул жерде бир топ каталыктар бар, «ТЭЦти» модернизациялоо боюнча так эсеби, сметасы болгон эмес, мамлекеттин кепилдиги менен алган карызына кимдир бирөөнүн бекер акчасындай өтө кайдыгер мамиле жасашкан. ТВЕАнын сунушу менен гана алынган бул насыя акчага чар жайыт, үстүртөн эптеп карыздарды жок кылыш үчүн аракеттер болгон. Бул ишти аттары эч жерде аталбаган төрт фирма ишке ашырган. Эң катачылыгы «ТЭЦти» модернизациялоо үчүн Техникалык-экономикалык негиздери (ТЭО) болгон эмес. ТЭОсу жок эле ишке киришкен ТВЕА кыргыз атка минерлеринин алкы бузуктугун билип, Кытайдын экспорт-импорттук банкынан чоң суммадагы насыя алууну сунуш кылышкан. Өкмөттүк деңгээлде бул маселени чечүү үчүн алар Кытайдын элчисинин соода-экономика байланышы боюнча кеңешчисин ортого салган. Жыйынтыгында Салайдин Абасов башында турган «Электр Станциялары» ишканасы ТВЕА менен Келишим түзүүгө даярдык көрүүгө киришип Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Кыргыз Өкмөтү менен Автандил Калмамбетов жетектеген Өнөр жай жана энергетика министрлигинде кызуу колдоого алынат. Эскерете кетели 2013-жылдын 22-апрелине чейин Өнөр жай жана энергетика министри Автандил Калмамбетов болгон. Бул жерде тендер жарыялабай туруп, антикоррупциялык, экологиялык жана укуктук экспертизадан өткөзбөй, ТЭОсу жок 386 млн долларды кытай банкынан алып КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар» тууралуу мыйзамын ачык бузушкан. Эгер буларды колдонгондо ар кандай сын айтылып, талкууланып коррупцияга бөгөт болот эле. Анын ордуна Салайдин Абазов башында турган «Электр станциялар» ишканасы ТВЕА менен кызматташтык кылуу максатында 2013-жылдын 1-февралында кол коюшуп, ошол эле жылдын 11-сентябрынан баштап Эксимбанктан насыя ала баштайт. 2013-жылдын 1-февралында министр Автандил Калманбетов тарабынан жактырылып кол коюлуп жатса, 2013-жылдын 22-апрелинде бул жерге министрликке келген Осмонбек Артыкбаев эмне үчүн жооп бериш керек?

ТВЕА ишканасы менен болгон келишим

2013-жылы 1-февралда түзүлгөн ТВЕА ишканасы менен контрактык Келишимдин шарты боюнча № 1-8 казан агрегаттарды жана № 1-4 агрегат куурду монтаждоо, өтө жогорку көтөрүмдөгү 2 көмүр казан агрегаттарын, буунун өндүрүштүк сыйымдуулугу 550 т/ саатка жеткен, 150 Мвтга жеткен жылуулаштырылган 2 агрегат куурду орнотуу каралган. 300 МВт кубаттуулуктагы станция өсүп отуруп 2017-жылы 600 МВт кубаттуулукка жетмек. Заманбап, жогорку технологиядагы жана жогорку экологиядагы дүйнөлүк стандарт менен 13,8 МПа жана 560 °С температурада буу бере турган казандар жана 12,8 МПа жана 555 °С температурада буу бере турган агрегат куурлар орнотулмак. Реконструкция болгон соң станциянын казандары кыргыз көмүрү менен иштеп, «ТЭЦ» 812 мегаватт электрэнергия берип турмак. Бул мурункуга салыштырмалуу эки эсе көп эле. Бирок, «ТЭЦ» биринчи эле сыноого чыдабай аварияга учураганы белгилүү. TBEA ишканасы тууралуу эмнелерди билебиз: TBEA (Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd). Энергетикалык долбоорлорго адистешкен. Бишкек ТЭЦине 300 мегаватт кубаттугулунда эки казан агрегаттарды коюп, кытайлыктар келишим боюнча 2 жыл «ТЭЦти» башкарат. Кыргызстанда мурун 208 млн долларлык "Датка" — Кемин" станциясын курушкан.

Кетирген чыгымдары (доллар боюнча): Жабдыктар жана материалдардын наркы — 164,6 миллион;

Курулуш иштери — 66,7 миллион; Монтажга — 64,2 миллион;

Башка чыгымдар — 63 миллион ( анын ичинде жетекчилерге кеткен чыгымдар— 19,2 миллион, текшерүүгө — 7,4 миллион, транспортировкага —12,4 миллион);

Демонтаж иштерине — 18,3 миллион;

Ишенимдүү иштерди камсыздоо үчүн чыгымдар — 9,1 миллиона. Бардыгы 385,9 миллион доллар.

Парламент каякты карап турду?

Кытайдын Эксимбанкынан мамлекеттин кепилдиги менен жылына 2% төлөө менен 20 жылдык мөөнөткө 386 млн доллар насыя алынган. Насыя алган 2014- жылдан баштап ушул күнгө чейин Кыргызстан пайызына гана $ 22.8 млн өлчөмүндө төлөп келатат. «ТЭЦти» модернизациялоодо кылмыш иштери болгону анык. Бирок коомчулук тараптан Осмонбек Артыкбаевдин катыштыгы четке кагылып келатат. Анткени, мындай чоң долбоор министрдин деңгээлине чечилбейт, Артыкбаев жооп берген күндө да, өзүнөн мурун даярдалган бул долбоорго эмнеге жооп берет. Чындап келгенде президент, премьер-министр чечип, парламент уруксат берген бул долбоорго министр аткаруучу гана милдетти аткарган. ТЭЦти модернизациялоо боюнча Келишим 2013-жылы 1-февралда Салайдин Абазов тарабынан кол коюлган. «ТЭЦти» модернизациялоо үчүн кытай банкынан насыя алууну ратификациялоону парламент жүргүзгөн. 2013-жылы Жогорку Кеңештен мыйзам катары кабыл алынып, президент кол койгон. Мындай кемчиликтерди билип туруп ошол кездеги ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитеттин жетекчилери эмне үчүн ооз ачышкан эмес? Чечим президенттин деңгээлинде чечилген. Осмонбек Артыкбаев чечүүчү эмес, аткаруучу гана ролду аткарган. Көрсөтмө бергендер жазаланбай, аткаргандар жазалана турганы туура эмес.

Алмазбек Атамбаев «ТЭЦ» жөнүндө эмне дейт?

Алмазбек Атамбаевдин да «ТЭЦ» тууралуу "Апрель" телеканалына берген маегинен Kaktus.mediaдан алып кыргызчалап бердик, ар ким өзүнчө жыйынтык чыгарсын деп: «ЖЭБ боюнча бардык сандарды айткым келет. Азыр гезиттер бардыгына жетпейт, интернет бардыгында эмес. Маалымат беттеринде «ТЭЦтин» баасы эки эсе көтөрүлгөн деген жана миллиондор пайдаланылган деген калп тарап жатат. Сандарга келели. Эгер энергетиканы алсак, ар бир курулган обьекттин өздүк наркы канча мегаватт электрэнергия берет ошого барабар. Тоюз, бир МВт кубаттуулукту алыш үчүн, курулушка канча кетти?  Эгер Бишкек «ТЭЦине» кеткен бир МВт чыгымды эсептесек - 1 млн 280 миң доллар болот, кыскача - 1,28 млн доллар. Эгер Караганданын ТЭЦ-4 алсак, анда -2,31 млн доллар кетет. Бизде 1,28 млн доллар. Тоюз, аларда бизден эки эсе көп. Семейдеги ТЭЦ-3 алсак, ал жерде бир мегаваттка кеткен чыгым 2,88 млн долларды түзөт. Бизде болсо, дагы бир кайра кайталайм 1,28 млн доллар. Бизге караганда аларда эки эсе кымбат болуп жатат. Өзбекстандагы Туракурган ТЭСинде арзан деп жатышат. Туура ал жерде арзан. Биз сандан жаңылдык, көңүл буруп карап көрсөк Туракурган ТЭСинде жылуулук бербейт экен, ысык суу бербейт экен. Бул электростанция гана, ТЭЦ эмес. Ошондуктан аны арзан курушкан. Дүйшөмбүдөгү ТЭЦти ТВЕА курган деп жатышат. Эгер Бишкек ТЭЦинде 1,28 млн. доллар болсо, Дүйшөмбүдө 1, 32 млн. доллар. Бул жерде оюн ойнолуп, бир гана этабын көрсөтүп жатышат, биринчи этап 349 млн доллар, экинчи этап 180 млн доллар, эгер экөөнү кошсо 400 мегаватт же 1,32 млн доллар. Бизде 1,28 болсо, аларда 1,32 млн. доллар. Тоюз, бир караганда баасы бирдей. Бирок Тажикстанда, акчадан тышкары эки алтын чыга турган кенин берген. Ал жерде алтындын запасы 130-160 тоннаны түзөт. Бул биздин эки Жер-Үйдү түзөт. Жыйынтыгында мындай, алар ТЭЦти биздин баа менен куруп жатат да, андан тышкары эки Жер-Үйдү берип жатат. Ойдонсоңуздар, Бишкек «ТЭЦтин» реконструкциясы үчүн эки эмес, Жер –Үйдүн жарымын берсем, мени эл тирүүлөй жеп салмак. Кайсы 100 миллион доллар?! Кайсы пайызы?! Таң калтырат?! Эгер Сапар Исаков чындап 100 млн. доллар жегенде эмне болмок... Мен анын үй-бүлөсү кандай абалда экенин жакшы билем. Сапар иштеп жаткан учурда мен аны кичүү инимдей жакшы көрчүмүн, жана дайыма колдоп жүрдүм. Азыр да анын үй-бүлөсү менен байланышты үзгөн жокмун. Жакында анын жубайы Малика үйгө келиптир. Жардам бердим. Анын үй-бүлөсүнүн ал-абалы азыр такыр башкача... Менин душмандарымда мага каршы бир гана курал бар – ал ушак. Бир гана ушак, башка эч нерсеси жок. Бирок чындык эртеби, кечпи бары бир биздин көчөгө да келет. Мүмкүн, ТЭЦти куруп жатканда кимдир-бирөөлөр уурдагандыр. Биздин Кыргызстанда атка минерлер уурдамайын күн көрбөйт. Азбы же көпбү. Элге дүң болгон аттиш мисал боло алат... Арийне, башка жерде дагы бир нерселерди ташыгандыр. Бул жерде Сапар Исаковдун эмне тиешеси бар, анын күнөөсү эмне? Сапар Исаков ТВЕАнын кызыкчылыгын коргогон дешет. Кытай элчилигинен кат келип, ал бардык депутаттарга таратылган. Бул тууралуу биринчи кезекте Жээнбеков билет. Кат орус тилинде жазылып, бул маселелерди жүргүзгөн элчиликтин соода –экономикалык маселелер боюнча кеңешчисинен келген. Бул каттан үзүндүлөрдү окуйун: «ТВЕА компаниясы бул долбоорду ишке ашырууда КЭРдин өкмөтүнүн деңгээлинде бирден-бир аткаруучу болуп бекитилди». Айтылып жатат, Кытай өкмөтүнүн деңгээлинде чечилиптир. Эгер Кытай өкмөтү кат жөнөтүп, бул долбоор ТВЕА ишканасы тарабынан ишке ашат деп турса, Исаков да, Атамбаев да, эч нерсе кыла албайт. Муну акча берип жаткан мамлекет чечип, жөнөткөн катында түз айтып жатат».

«ТЭЦтин» курулушу жана «Энергохолдинг»

«ТЭЦтин» долбоору боюнча Кытайдан карызка алуу башкы документти Салайдин Абазов түзсө, 386 млн доллардын дайынсыз кетишине Айбек Калиевдин жоопкерчилиги да бар. 2015-жылы Осмонбек Артыкбаев парламент депутаты болгон. 2017-жылы 30-августунда «ТЭЦти» бүтүрдүк деп Атамбаевди чакырышып Атамбаев өтүп бараткан жерлерге гүлзарларды орнотуп, имараттарды актап, сырдап үстүртөн жалган капремонтторду жасашкан. Максим Бакиевдин ЦАРИИсинде эксперт Айбек Калиев кийинки өкмөттөрдө да эксперт болуп жүрүп тез эле 2012-жылы Өнөр жай жана энергетика министринин орун басары болуп барат. ТВЕА менен болгон келишимди түзүүдө башкы ролду Айбек Калиев да ойногон. Ал 2015-жылы экономика министрин орун басары болуп «ТЭЦтеги» курулушту көзөмөлгө алганын токтоткон эмес, 2016-жылы бүт электр тармагын колго алган «Энергохолдинг» түзүлүп анын башына Айбек Калиев келет. Айбек Калиев жакын туугандарын бүт электр тармагындагы эң кымбат майлуу-сүттүү орундарга отургузган. «Томояк» Айбек Калиев чоң кызматка келер менен миллионерге айланат, жубайы млн долларлык «Тойота Авенсис» автомобилин алса, өзү 2 млн долларлык «Тойота Прадо», 4,1 миллионго турак-жай, көз жоосун алган мебелдерди жана техниканы алган. Ошондой эле мүлктөрдү сатууда 4,5 млн пайда көргөн. «ТЭЦте» авария болуп эл тоңуп турганда Бишкектеги эң кымбат ресторанда баласына той берип, миңдеген кишилерди чакырган, бул акчаларды кайдан тапкан? Кечээ эле эч нерсеси жок Айбек Калиевге мынча акча кайдан келет?

Сатыбалдиев күнөөнү «Электр станциялар» ишканасынын жетекчилигине түрттү  Депутаттык комиссиянын жыйынында кытайлыктар төрт ишкананы тандоого берген, Үрүмчүгө жумушчу сапары менен барышкан «Электр станциялар» ишканасынын жетекчилери ТВЕА ишканасын тандаган деп ошол кездеги өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев күнөөнү башкаларга түртө салып жатат. Өкмөт башчысы «эшек такалап» отуруптурбу? 2013-жылы акча дегенде жантыгынан жата калган Жантөрө Сатыбалдиев бул келишимди колдогон. Бирок модернизациялоо учурунда өкмөт башчылары Жоомарт Оторбаев, Темир Сариевдердин көзөмөлдүгү алдында бул иш ишке ашкан. Түз болбосо да анда булардын деле ошол кезде «ТЭЦти» катуу көзөмөлдүккө албаганы туура ишпи? Премьер Темир Сариев «ТЭЦтин» акчасына тойбой, Кытайдын дагы бир эч нерсеси жок ишканасына тендерди уттуруп, Балыкчы-Корумду жолун мыйзамсыз салып бергени үчүн өкмөт башчылыгынан кеткен. 386 млн доллардын канын соруп байыган, ТВЕА менен Келишим түзүүдө Өкмөт башчысы катары негизги ролду ойногон Жантөрө Сатыбалдиев 121 млрд 145 млн. сомго арест салынган машиналары гана, үйүнүн эсебин айтсак дагы жүз миллиарддап кетет.

Эл так маалымат алыш үчүн тизмесин, кимге катталганын жазып койолу:

Сатыбалдиевдин машинасы гана: 38, 647 миллион рублдик ( 42, 511 сомдук) жана 9,823 млн евролук (же 78,634 сомдук) = 121,145 млн. сом.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин наамына катталган мүлктөр:

Бишкек шаарындагы турак үй. Бектенов көчөсү, 128, код ЕНИ 1040100050384;

2 022 000 рублдик 2008-жылы чыккан «Тойота Камри» унаасы В3966ВА;

13 250 000 рублдик 2000-жылы чыккан «Мерседес Бенц 500» унаасы B6316AI;

13 250 000 рублдик 2000-жылы чыккан «Мерседес Бенц Б500» унаасы Е4948.

Жоомарт Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган мүлктөр (баласы):

Ош шаарында жайгашкан дүкөн. «Анар» кичирайону, 15а/51, код ЕНИ 511040325012601051;2 022 000 рублдик 2015-жылы чыккан «Тойота Камри» унаасы 01KG881ACD.

Исламбек Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган мүлктөр (баласы):

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Фрунзе айылындагы жер тилкеси, Проектируемая көчөсү, 81, код ЕНИ 7082010011350;

Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 80, код ЕНИ 7082010011349;

Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 115, код ЕНИ 7082010011384;

Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 117, код ЕНИ 7082010011386;

Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 101, код ЕНИ 7082010011370;

Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 99, код ЕНИ 7082010011368;

Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 63, код ЕНИ 708201001 1332;

Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 62, код ЕНИ 7082010011331;

Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 82, код ЕНИ 7082010011351;

Ош шаарындагы «Ак-Тилек» кичирайонундагы турак үй 28, код ЕНИ 5110403211682; 1 850 000 евро же көбөйтүү 79, 9:

МАЗ 6303-020 унаасы 3546М; 1 220 000 евро же көбөйтүү 79,9: МАЗ 6422 унаасы О0153AG.

Жантөрө уулу Кубатка катталган мүлктөр (баласы):

Баасы 950 000 евро же көбөйтүү 79: «Лексус-ЕС- 350» унаасы, 2006-жылы чыгарылган В7800АЕ;

13 250 000 рублдик «Мерседес Бенц ОЕК280», 2008-жылы чыгарылган 01KG497ABF; 1 000 000 евро же көбөйтүү 79,9 «Хонда Одиссей», 2006-жылы чыгарылган 01KG820AAR;

Канышай Турдукеевна Смадияровага катталган мүлктөр (жубайы):

Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан өндүрүш мекемеси код ЕНИ 102020036002802006;

Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан батир жана гараж, код ЕНИ 102020036002801004; 1 500 000 евро же көбөйтүү 79,9 «Лексус RX330» унаасы,

2004-жылы чыгарылган Е7800Е; 2 700 000 евро же көбөйтүү 79,9 «БМВ 325» унаасы, 1993-жылы чыгарылган B5036R;

2 853 000 рублдик «Тойота Прада» унаасы, 2005-жылы чыгарылган B7800L.

Кыргыз элине Артыкбаевдин жардамы көп тийген

121 млрд 145 млн. сомдук машинасы бар Сатыбалдиев соргоктугу менен элди уят кылып келатат. Бул дүнүйөлөрдү Сатыбалдиев тиги дүйнөгө ала кетмек беле, өлсө ал деле нанга жетпей жүрүшкөн адамдарга окшоп, жылаңач бир кепин менен кетет. Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынарда Кыргыз Курортологиясына эс алганы жатат, кызыгы эч нерсеси жок пенсионерлердей бюджетке бекер жатат да, анча-мынча дарыларды ошол жердеги эптеп оокат кылып жүрүшкөн дарыгерлерге жүктөшүп, кымбат баалуу дарыларды ыйлатып-сыктатып төлөтүшөт. Байкуш Сатыбалдиев ач көздөнбөй жок дегенде өз дарысын өзү алса эмне? 

Ага салыштырмалуу Осмонбек Артыкбаев согуштун жана эмгектин ардагерлерине, көп балалуу үй-бүлөлөргө, муктаж адамдарга жардамын аяган эмес. Дайыма кайрымдуулук кылып келатат, өзгөчө бекер дарыларды берип. Ал мамлекеттик деңгээлдеги чоң мааракелерде өкмөттүн «оорун колдон, жеңилин жерден» алып көп чыгымдарды өз мойнуна алып келген. Маданий иштерге демөөрчүлүк кылууга да көп каражаттарды бөлгөн. Осмонбек Артыкбаев кайсы жерлик экенине карабастан көп залкар адамдардын мааракелеринде көч башында туруп келген. Төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 150- жылдык, обончу, композитор Жумамүдүн Шералиевдин, коомдук ишмер, советтик өкмөт башчысы Абды Сүйөркуловдун 100-жылдык, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун 80-жылдык мааракелерин өткөрүүдө меценаттык милдетти аткарган. Театр иштерине да да өз көмөгүн аяган эмес, муну белгилүү артист, Нарын драм театрынын жетекчиси Темирлан Сманбеков тастыктап кетет. Адабий жана журналистик иштерге күчүн аябаганын акын Бактыгүл Чотурова, журналист Жора Сулайманов жана көптөгөн адамдардын ооздорунан уксак болот. Маданият жана адабияттын ишмерлери карапайым Осмонбек Артыкбаевдин оор кырдалдарда жардамга келгенин сезишип алкыштарын айтып келишет. 

Артыкбаев кыргызстандыктардын ден соолугунун камын көрүп «Кызыл жарым ай» мыйзамына элдин ден соолугун чыңдоо үчүн гуманитардык иш-аракеттеринин көбөйүшүнө салым кошкон. Байытылган ундун калкка жетишин көздөгөн. Артыкбаев Осмонбек жасаган бир ишти эле айтып кетели. «Дордой» базарынын жанындагы «Келечек» жаңы конушу 1989-жылы курула баштаган. Ошондон бери чечилбеген электр маселеси боюнча бир топ киши Энергетика министри болуп турганда Осмонбек Артыкбаевдин кабыл алуусунда болот. Артыкбаев алардын маселелерин чечүү үчүн «Түндүкэлектрдин» жетекчилерин чакырып, «Акылдуу» эсептегичтерди ар бир үйгө коюп, бул конуштун электр боюнча маселелерин дароо чечип берген. Электр чубалгылары жаңырып, электр уурдамай жоголуп, электриктердин сол чөнтөгүнө түшкөн акча токтоп, мамлекетке электрден түшкөн каражат көбөйгөн. Бул Осмонбек Артыкбаевдин эл үчүн иштегенинин бир эле үзүмү. Анын өз эмгеги менен тапкан байлыгынан элине жардам көрсөтүп, колдоп келгенин Токтогулдун эле эмес башка да кыргыз эли айтып эле жатышат. Айрым тескери пикир айткандар өз оюңарда ойлонуп, билсеңер, көзүңөр менен көрсөңөр, анан айтсанар болмок, бирөөнүн айтканын кылбай. Билбей эле туруп бирөөнүн башына түшкөн кыйынчылыкка кудуңдай бериш туура эмес.

Артыкбай калпа ким?

Артыкбай калпа, анын урпактары бирөөдөн бир тыйын алмак тургай урушуп, жаман сөз айтып жаткан пендеге бир ооз жаман сөз айтпаган адамдар экенин эл билет. Артыкбай калпа оору-сыркоолорду дубалап, бакырчылыктын кристаллдай таза жолу менен жашаган дешет. Ал дубалаган суулар электен да өтчү эмес экен, ушундай күчтүү дараметтери бар дешет. Анын небереси Осмонбек Артыкбаев «Неман» фирмасын бутунан тургузуп, элге кайрымдуулук иштерин көп жасап келген. Ал башкалардай мамлекеттин эсебинен байыбай, бутунан турган соң гана 2005-жылы парламентке келген.  Осмонбек Артыкбаев менен эки ирет жолуктум, экөөндө тең чоң атасы Артыкбай калпаны оозунан түшүргөн жок. Биздин мектеп өрттөнүп кеткен, жаңы мектептин курулушун «Неман» фирмасы колго алып, курулуш шаң менен башталган, бирок бир топ проблемалар менен токтоп калды. Ушул проблемаларды чечүү үчүн курулуштун жетекчиси экөөбүз (мен мектептин директору) 2001-жылы «Неман» фирмасынын жетекчиси Осмонбек Артыкбаев менен жолуктук. Проблема чечилип, мектеп өз мөөнөтүндө бүттү. Экинчи жана акыркы ирет 2010-жылы февралда 50 жашын белгилеп жатканда жолукканбыз. Ал кезде ал ЖК депутатынан кетип, ишкерчилик жүргүзүп жаткан. Артыкбаевдин ак экенине, колу таза, дили таза экендигине ишенич бар.

Осмонбек Артыкбаевдин айыл элине өтөгөн кызматы

Осмонбек Артыкбаевдин айыл элине кылган кызматын айтып отурсак ат көтөргүс. Ал айыл элине мектеп, бала бакча, жол салып берди, Үч-Терек айылындагы өз үйүн бала бакчага берип Кыргызстанда үлгүлүү иштерди баштады, кайрымдуулук иштерин жасап жардамын тынбай берип келатат. "АРИС" программасын ишке ашыруу максатында Үч-Терек жана Өзгөрүш айыл өкмөттөрүндө"Таза суу" долбоорунун негизинде калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн бүт взносту өзү төлөп берген. Өз айылында шаркырап аккан суусуна көпүрө салып берди. Керектүү мыйзамдарды жазып ишке ашырып, чалкайып жаткан Көлүн талоондон коргоп калганы үчүн эми жакпай калабы! Кара-Суу көлүн балык чарбачылыгынын туткунунан бошотуп, 2014 метр бийиктеги сейрек кездеше турган бул көлдү, туризмдин очогуна айлантуу үчүн жанын үрөгөн.  Токтогул районунан эки жүз чакырым алыс, Бишкектен беш жүз чакырымдай алыс, тоолуу айыл, жолу татаал, кышы узак, Сары-Камыш айылына депутат Осмонбек Артыкбаевдин жардамы көп тийди, өмүрүндө электр жарыгы жетпей жашап келишкен 40 түтүндөн ашык карапайым жарандарга электр жарыгын жеткирип, көйгөйүн чечкенге көмөк кылган. Андан тышкары, Толук жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн айылдарына мобилдик байланышын орнотконго жардам берген. Осмонбек Артыкбаевдин аракетинин негизинде, 2018-жылы Сары-Камыш айылын жаңы курулуп жаткан “Түндүк-Түштүк” автожолуна кошулчу 12 км узундукту түзгөн автожолдун курулушун долбоорлоо иши бюджетке киргизилди. Бул жол курулуп калса, сары-камыштыктардын Бишкекке же Ошко каттоосу жеңилдейт. Себеби, кышында Токтогул аркылуу жол жабылып калат. Сары-Камыш эли Жумгал аркылуу каттап кыйналып жатат. Ошондой эле, айылдагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушун Сауд Аравия өнүктүрүү фонду тарабынан берилген каражаттардын эсебинен курулчу мектептердин тизмесине киргизилген.

Р.S: Артыкбаевдин жакшылыгын бир эле Кетмен-Төбө өрөөнү эмес, бүткүл кыргыз эли билет. «Айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулабы?». Челек да жалабаган Осмонбек Артыкбаев сыяктуулар жалаа менен күнөөлүү болуп отура береби?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости