www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында жыйында миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулуп жатат

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова быйыл кытай жарандарына Кыргыз мамлекетинде иштөө үчүн 16 490 квота каралганын, анын ичинде 9000 квота кытай улутундагы адамдарга берилгенин айтты.

"2017-2018-жылдары 7413 адам Кыргыз жарандыгын алган. 2017-жылы 4793 адам, 2018-жылы 2620 адам. Акыркы 9 жыл аралыгында Кытайдын 352 жараны Кыргыз жарандыгына ээ болгон. Анын ичинде 171 адам этникалык кыргыздар, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай. Ал эми акыркы 8 жылда 17 669 Кыргыз жараны чет өлкөлүк адамдар менен никеге турган, анын ичинде 60 Кытай жараны бар”, - деди ал.

Буга эл өкүлү Тазабек Икрамов мигранттардын сөзсүз түрдө кыргыз тилин билүүсү керектигин айтты. "Мигранттар өлкөгө кандай салымдарын кошушту? Муну иликтеген бирөө барбы? Буга өтө кылдат мамиле жасоо керек. Мындан башка дагы мен элди козутуп жаткандарга да олуттуу чара колдонууну сунутайт элем", - дейт депутат.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости