www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өтүп жаткан митингдин уюштуруучусу Кытай компаниясынан 10% пайыздык өлчөмдө кирешеге ээлик кылган Кыргыз Республикасынын жараны Дайыров Бердибек “Кырк уруу кыргыз жети дубан” коомдук уюмунун жетекчиси болуп чыкты.

Митингдин катышуучулары акыркы сааттарда кызуу кандуулукка алып жибергендигине байланыштуу тартип сакчылары айрымдарын кармап кетишкен. 

Такталбаган маалыматтарга таянсак, Токмоктогу “биржадан” 100дөй кишини алып келинген жана акцияга катышкандардын арасында спорттук баштыктарды көтөрүп жүргөн балдар менен ичип алгандарды көрүүгө болот. 

Митингдин жүрүшүндө жарандар Кытай маселеси эмес, көбүнчө президент кетиши керек деген талаптарды айтышып, айрымдары маек берүүдөн баш тартышты. 

Маалыматтарга таянсак, бүгүнкү митингде модераторлук кызматты аткарган Аманбол Бабакулов так ушул таптарда Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости