www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык жарандарга кыргызстандык 60 кыз турмушка чыккан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымат берди.

Анын айтымында, ишенимдүү расмий статистиканын маалыматы ушундай. Депутат Зиядин Жамалдинов өкмөт унчукпай отургандыктан коомчулук ушундай кадамга барганын айтты.

«Бул маалыматты эмне үчүн мурдарак айткан жоксуз? Интернет аркылуу 60 миң кыргыз кызы КЭРдин жарандарына турмушка чыкты деп таркап жатат. Мындан улам жарандар митингге чыгышты», -деди ал.

Ал эми, депутат Бакирдин Субанбеков дагы буга өз пикирин мындай деп билдирди: "Мына көчөдөгү чогулуп, митингге чыгарып жаткан эл жөн жерден чыккан жок. Ушундай туура эмес статистиканы угуп алып, чыгып жатышат. Ошондуктан, эл-журтка туура маалымат бергиле" - дейт эл өкүлү.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости