www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Бишкек шаардык соту 12-мартта камактагы бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча актоочу тараптын өтүнүчүн карап чыгып, үй камагына чыгаруу боюнча арызы канааттандырылбай 7-апрелге чейин камакта калтырылган.
Жактоочунун маалыматына караганда Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу зарыл.
Ушул тапта тар чөйрөдө Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып кетүүсү айтылууда. “Атамбаев жакынкы аралыкта үй камагына чыгып, Москвага ден соолугуна байланыштуу учуп кетет. Тийиштүү документтер даярдалып жатат, - дейт ишенимдүү булак.
Эске сала кетсек, райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.
Андан тышкары мурдагы президентке карата Кой-Таш окуялары жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу кылмыш иши козголуп камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg