www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мамлекеттин кадр кызматында таңгакталган документтер жатат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.
--“Мисалы, министр илгертен бери иштеп келген тажрыйбалуу адамдан болсо, анын орун басарын жаштардан коюу керек. Же министр өзү жаш болуп кала турган болсо, белгилүү адамдардан орун басар кылуу керек. Кыргызча айтканда, майлуу-койлуу кылганда, ошондо кадр саясатын туура жүргүзгөн болобуз. Мамлекеттин кадр кызматында таңгакталган документтер жатат. А булардан эч ким албайт. Каратып туруп эле, эч жерде көрүнбөгөндөр, эч конкурска катышпагандар кызматтарга келип калат. Президенттин алдында кызматкерлерди даярдаган академия бар, ошону бүткөндүн баары эле кызматка барган жери жок. Кызматты теориялык гана окуп-билүүгө болбойт, ошол кызматтын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, тармактагы маселелерди терең билиши зарыл. Кадрлар ылдый жактан өйдө көтөрүлүшү керек. Бизде жөн эле талаада жүргөндөрдү “акчасы бар экен” деп алып келип коюп койот. Же болбосо, таанышы аркылуу келет”, - дейт экс-депутат.
Булак: NazarNews.kg