www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 26-мартында УКМК тарабынан "Баткен" бажысынын жардамы менен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мандарин түрүндөгү контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу менен алектенген, Баткен облусунун жергиликтүү тургундарынын контрабандалык иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу мекеменин тараткан маалыматында айтылат.

Анда Лейлек районунунун тургуну, Мерседес-Бенц автоунаасы менен кошуна өлкөлөрдүн аймагынан ташылып келген котрабандалык жүктү, Кыргыз Республикасынын базарларында өткөрүү үчүн атайын өткөрүү пункттарын айланып өтмөк. Контрабанда продукциясынын жалпы көлөмү 3 тоннадан ашык болгон. Бажы төлөмдөрүнөн качып төлөнбөгөн сумма болжол менен 50 миң сомду түзөт.


Ошондой эле, Баткен облусунун Миң-Булак айылынан котрабандалык жол менен ташылып келе жаткан Баткен облусунун тургунунун башкаруусундагы Mercedes-Benz "Sprinter" автоунаасынан жалпы салмагы 3 тоннаны түзгөн контрабандалык жүк кармалган.

"Азыркы учурда кармалган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча "Баткен" бажы органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 250 миң сомго бааланууда.


Кармалган жүк жана транспорт каражаттары тиешелүү коштоочу документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости