www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Албетте, жаңы Ак үй салынышы керек! Көзкаранды доордон калган, куту кетип, кунары качкан Ак үйдүн ордуна жаңы Ак үй тургузуу - жакшы демилге болчу. 

Урматтуу Президент Садыр байке, Ак үйдү курууну саясатташтырбай эле, тымызын жүргүзө берсеңиз болмок.

Анткени, чегараны тосууга ж.б. социалдык иштерге каражат жок кезде "жаңы Ак үй курабыз" деген демилгеңиз карапайым калктын кыжырын кайнатып, оппоненттериңиздин чырагына май тамызды!

Эми маселенин экинчи жагы: Ак үй дегенди мамлекеттик гана компания куруу керек! Жеке компания курганы таптакыр туура эмес!

Чет элдик инвестор аралашкан компания болсо, анда курмак турсун, таптакыр жакын жолотпоо керек!

Курулуштун баардык документтери "жашыруун" деген белги менен тийешелүү гана адистерде гана болуп, объект мамлекеттик күзөт кызматынын кайтаруусунда болушу шарт эле. 

Анткени, Ак үй - бул "номер 1" коргоого алынуучу объект! 

Ички душман дагы, сырткы душман дагы биринчи кезекте Ак үйдү бутага алат. Ошол себептен ал жер "номер-1 корголуучу обеъкт"! 

Садыр байке, сиз эгемен өлкөнүн Президенти жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы Командачысы катары ар дайым коопсуз болушуңуз керек! Бир гана жеке сиз эмес, сизден кийинки мураскериңиз дагы коопсуз иштеши керек!

Сиз бизге "Ак үй куруп берет" деп ишенип аткан жеке компаниялар кайсы бир күчтөрдүн буйругу менен тирукмуштуудай тыңшоочу жана байкоочу приборлорун кошо орнотуп кетпейт деп ким кепилдик бере алат?!

Мына ошондо, бизди башкаргысы келген, Сизге таасир бергиси келген чет элдик кайсы бир күчтөргө ар бир кыймылыңыз белгилүү болуп турат!

Заматта эле, Президенттин колу-буту жипсиз кишенделип калышы мүмкүн. Ошондуктан Ак үй куруу маселесин дагы бир жолу ойлонуп көрсөңүз жакшы болмок!

Алмазбек Сардеков, журналист 

Последние новости