www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус аскерлери Украинага басып киргенден бери 2072 жайкын тургун каза болгонун БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары билдирди. Алардын 169у балдар. Жараат алган 2818 адамдын 272си балдар.

Каза болгондордун көбү Донбасста - 732 адам. Согуш башталгандан бери Украина көзөмөлдөгөн аймактарда 653 адам, орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта 79 киши набыт болгон.

БУУ аскерий аракеттер уланып жаткан жерлерден маалымат кечигип келгенин эске алып каза болгондордун саны мындан да көп болушу ыктымал экенин билдирүүдө.

Украинанын Ички иштер министрлиги 15-апрелде курман болгон жайкын тургундардын саны 2700дөн кем эмес экенин билдирген. Министр Арсен Аваков бул кылмыш иши козголгон гана учурлар экенин айткан.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус армиясы Украинадагы "аскердик операциясынын" кийинки фазасын баштаганын билдирди. Ал бул тууралуу 19-апрелде India Today телеканалына курган маегинде айтканын Орусиянын мамлекеттик TAСС жаңылыктар агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Лавров Орусиянын "операциясы" орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарына же Донбасс аймагына толук көзөмөлүн орнотконго чейин уланарын белгилеген.

Орусиянын башкы дипломаты Лавров соңку маегинде Москва Украинада өзөктүк куралды колдонуу ниети жоктугун, орус аскерлеринин башкы максаты жайкын тургундар эмес, аскердик объектилер экенин кошумчалады. Бирок украин бийлиги орус күчтөрүнүн колунан жүздөгөн жайкын тургундардын өмүрү кыйылганын билдирип келет. 

Орусия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн Украинаны демилитаризация жана денацификация жасап, Донбасстагы жай жашоочулардын канына забын болгондорду аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.

Ал эми бүгүн Орусиянын Аскердик аба-десант күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы, генерал-полковник Владимир Шаманов атайын операциянын биринчи этабы ийгиликтүү аяктаганын, экинчи этаптын башкы максаты Одессаны бошотуу экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости