www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтай аймагынын тургуну бир жарым жаштагы кызын "баладан жин чыгарууга" аракет кылып өрттөп жиберген. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.
Окуя 20-февралда Урожайное айылынын Октябрь көчөсүндө болгон.
Маалыматка караганда, аял кызы менен сейилдөөгө чыгып, турак жайлардын биринин жанына барып, кыз отурган колясканы керосиндин жардамы менен өрттөп жиберген.
Кыз ошол жерден каза болгон деп жазат Life.ru. Аял кызынын жиндерин чыгарууга аракет кылганын айткан.
Андан кийин аял качып кетүүгө аракет кылган, бирок көп өтпөй ал укук коргоо органдары тарабынан кармалган, деп белгилейт Ридус. Федералдык маалымат агенттигинин маалыматына караганда, окуяга аялдын сегиз жаштагы уулу күбө болгон.
Аялдын кызынан башка дагы эки жашы жете элек баласы бар экени жана аларды жалгыз тарбиялап келгени айтылды.
Учурда тергөөчүлөр иликтөө иштерин улантышууда. Кармалган жаранга Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин («Өзгөчө ырайымсыздык менен жасалган жашы жете элек баланы өлтүрүү») 2-бөлүмүнүн “в”, “д” пункттары менен кылмыш иши козголгон.
Булак: NazarNews.kg