www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинде ѳндүрүш тармагын тейлеген Акылбек Жапаровдун орун басары Бакыт Тѳрѳбаев «Спутник» маалымат булагына - “популист» деп айткан адамдар өздөрү эч нерсе жасай албай, ушул сөздү пайдаланып жатканын белгилеп маек берди. 

Ал бул жагдайга Кытай-Кыргызстан-Ѳзбекстан темир жолун куруу долбоорун популисттик кадам катары сыпаттагандарга жооп катары билдирди. 

Бул тууралуу ал ѳз сѳзүндѳ: “Популисттик деп айткан адамдар өздөрү эч нерсе жасай албай ушул сөздү айтып жатышат. Башка жактан инвестиция тартуу үчүн мамлекет демилге көтөрүп, өз күчүбүздү дагы көрсөтүшүбүз керек. Бүгүнкү күндөгү биздин эң негизги максатыбыз – өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган темир жолду куруп бүтүрүү. Эгерде ушул жолду байланыштырсак, Ѳзбекстандан кѳз карандысыз ѳзүбүздүн жол болот”, - деп айтты…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости