www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония талкаланган аскердик инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн Украинага 5,5 млрд доллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида 20-февралда өткөн Токиодогу глобалдык форумда билдирди.

Ал Украина президенти Владимир Зеленскийди “Чоң жетинин” (G7) онлайн саммитине катышууга чакырды. Associated Press агенттиги кабарлагандай, саммит учурунда G7 өлкөлөрү Украинага көрсөтүлө турган колдоонун кийинки кадамдарын талкуулайт.

Согуш башталгандан бери Япония Украинага 600 млн доллар өлчөмүндө каржылык жардам пакетин жана дагы жүздөгөн миллион долларга эсептелген гуманитардык жардамдарды жөнөткөн.

Россияга каршы АКШ жана Евробиримдик киргизген санкцияларга Япония дагы кошулган. Натыйжада, Россияга вакцина, медициналык жабдууларды жана роботторду жеткирүүгө тыюу салган. Мындан тышкары, радиоактивдүү материалдарды, атомдук объектилердин тетиктерин, мунай жана газды чалгындоо үчүн жабууларды берүү токтотуп, орус жарандарына жана компанияларына санкция салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости