www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарында ачкадан каза болгон кыздын ата-энеси кызынын өлүмүнүн себептери тууралуу социалдык тармактарда тараган такталбаган маалыматка нааразы. Бул тууралуу Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев билдирди.

Ал белгилегендей, облустук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү үй-бүлөнүн жашоо шарты менен таанышты.

Маркум кыздын апасы42 жашта. Беш баласы менен Кара-Балта шаарында жашайт, улуу кызы 18 жашта, кичүүсү 2 жашта. Үй-бүлөнүн атасы Орусиянын жараны. Үй-бүлө 2000-жылга чейин Тюменде жашаган.

«Кыздын ата-энеси социалдык тармактарда баланын өлүмүнүн себептери тууралуу туура эмес маалымат таратканына нааразы. Маркумдун апасынын айтымында, кыз айына жетпей төрөлүп, ден соолугу начар болгон. Бала жана анын үй-бүлөсү сасык тумоо менен ооруп калганда медициналык мекемелерге кайрылышкан эмес. Үй-бүлөнүн жашоо шарты канааттандырарлык. Керектүү кийим-кече, тамак-ашы бар», - деди Төрөгелди Түркбаев.

Ал белгилегендей, ата-энеси 2022-жылдын 28-октябрында Россия Федерациясына иштөө үчүн кетишкен. Балдар маркумдун апасынын 18 жаштагы кызы жана 29 жаштагы бир тууганынын колунда калган. Атасы Орусиядан Кыргызстанга 2023-жылдын 15-январында, апасы 16-январда келген.

Эскерте кетсек, кечээ, 16-январда Кара-Балта шаарында алты жаштагы кыз ачкалыктан улам каза болгону айтылган. Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашева маркум кыздын салмагы 12 кг экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости