www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Россиядан Су-35 согушту кучактарын сатып алат

Иран Россиядан буйрутма берген Су-35 согуштук учактары Тегеранга март айынын аягында жеткирилет. 

Бул тууралуу  Иран Межлисинин (парламент) Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Шахрияр Хейдари билдиргенин Tasnim агенттиги жазды.

Хейдари канча учак сатып алынары тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Ошондой эле Тегеран Россиядан дагы бир катар аскердик техникаларды, анын ичинде абадан коргонуу системаларын, ракеталык системаларды жана тик учактарды буйрутма кылганын, алардын көбү жакынкы аралыкта алынып келинерин билдирди.

Акыркы убактарда Батыш жана Иран маалымат каражаттары Иран Россиядан Су-30 согуштук учактарын сатып алары тууралуу маалыматтарды жазып чыгышкан. 2022-жылдын сентябрында Ирандын Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы Амир Вахеди Тегерандын Москвадан согуштук учактарды сатып алуу ниетин ырастап, бирок Су-30 эмес, Су-35 үлгүсүндөгү учактар сатылып алынарын билдирген.

Су-35 — 4++ муундагы көп максаттуу суперманеврдүү согуштук учак. Учак абадагы, жердеги жана суу алдындагы буталарды, абадан коргонуу системалары менен камтылган инфраструктуралык объектилерди жок кылууга арналган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости