www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соту абакта төрөгөн Аида Исакованын камактан бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта адвокат Канат Хасанов билдирди.
Ал соцтармактагы баракчасына жазгандай, жазаны аткаруу мөөнөтүн Исакованын төрөгөн баласы жашы жеткенге чейин жылдыруу бөлүгүндө өзгөртүлгөн.
Буга чейин социалдык тармактарда соттолуп жаткан аялдын наристеси менен сүрөтү тараган. Жактоочунун айтымында, 2022-жылдын декабрында Свердлов райондук соту аны алдамчылык үчүн алты жылга эркинен ажыраткан. Андан кийин ал кош бойлуу болгон.
15-февралда борбор калаанын СИЗОсунда аял төрөгөн. Ал андан тышкары дагы алты баланы тарбиялап жатат.
Сүрөт коомчулукта резонанс жаратып, колдонуучулар айыпталуучуну камактан бошотууну жана кечирим берүүнү талап кылышкан.
Булак: NazarNews.kg