www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекетке 100% акциясы таандык Альфа-Телеком" ( MEGA соода маркасы мурдагы MegaСom) сатыкка коюлду. Алдын ала болжолдуу баасы 12 млрд сомду түзөт. 

Мирлан Бакиров жетектеген Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду буга чейин “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программанын алкагында" Мегаком" баш болгон 25 мамлекеттик мүлктү сатыкка чыгарган.

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондун (14,9%), "Керемет" банкты (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатуу сунушун колдогон.

"Мега" Кыргызстандагы эң ири мобилдик байланыш оператору болуп саналат. Бюджетке киреше киргизип жаткан алдыңкы 10 компаниянын катарына кирет. Анан ушундай кирешелүү, президент Садыр Жапаров убагында айтып жүргөндөй алтын жумуртка тууп жаткан ишкананы сатуу максатка ылайык келеби?

Деги бул менчиктештирүүнүн артында белгилүү инсан турган жокпу? Дегенибиз, 2010-жылы 7-апрелден кийин Максимден мамлекетке өткөн. Эми кайра "Мега" ишканасынын наркын Жапаров айтып жүргөн 500 миллион доллардан өтө төмөн түшүрүп, кыйла арзан өзүнө алып жатабы деген шектенүү коомчулукта айтылып жатат. Демек, коомчулуктагы шектенүүгө негиз бар. 

Анткени, президент Садыр Жапаров бийликке келе электе, "наркы 500 миллион турган, жылына 5 миллиард сом бюджетке киреше киргизип, күн сайын алтын жумуртка тууп жаткан "Мегакомду" саткандар камалат", - деп чырылдап жүргөн. Ал түгүл "саттырбай мен алып калгам" деп мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырына ээ болгондо дагы айтып мактанган жайы бар эле. Анан эле, өзү айтып жүргөн баадан өтө төмөн баада, арзыбаган 12 миллиард сомго сатабыз деп жатышканы кайсы акылга сыйсын.

Эсиңерде болсо,  "Мегакомду" сатабыз деп Текебаев Маевскийден 1миллион доллар пара алганы чын, аны Феликс Кулов, Өмүрбек Субаналиев далилдеп беришет", - деп айтып аны камагандын ордуна Германияга элчи кылып жөнөтүп жибергени күмөндүү ойлорду жаратты эле. Көрсө, иттин өлүгү бул жакта тура. Кийин "Мегакомду" сатуу бул чоң ката, чыккынчылык болгону боюнча маселе жаралып, кылмыш ишин ачууга түрткү болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости