www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ит, мышыктардын этин деликатес сыяктуу жеген Швейцарияда акыркы мезгилдерде ар кандай дарт тараткандыгы үчүн ит, мышыктарды жегенге тыюу салган. Бирок тыюу салганына карабай болбой эле жеп атышат. Ушул Швейцарияда Давос деген жер бар. 202з-жылдын январына пландалган Давос Дүйнөлүк экономикалык форуму Орусия жок өтүп жатат. Швейцариялык өкмөттүк эмес уюм болуп саналган Дүйнөлүк экономикалык форум 1971-жылы түзүлгөн. Ага бир канча мамлекеттеги миңге жакын ири компаниялар жана уюмдар мүчө. Жылына Давос шаарында форумдун салттуу чоң жыйыны болот. Быйыл да Давосто Дүйнөлүк экономикалык форумдун жыйыны башталууда. Орусияны таптакыр жолотушкан жок, ал эми Кытайга да тийиштик кылып жатат. Жыйындын расмий ачылышы болгондо жүздөгөн демонстрант "байлардын шеринеси" деген атка конгон форумга нааразылыгын билдиришти.

Негизи Швейцария мыйзамды катуу сактаган өлкө ошондуктан XVI  кылымдан бери согуш учурунда нейтралдуулукту сактап согушка катышканы жок. Согушка катышкан өлкөлөрдүн алтындары, байлыктары Швейцарияга топтолгон. Калкынын саны боюнча Кыргызстандан 1 жарым миллионго көп, жери Кыргызстандай кооз болгону менен бизден беш эсе кичине аянты 41 285 км². Швейцария НАТОго да, Евросоюзга да кошулган эмес.

Мугалимдерди Швейцарияда абдан кадырлашат, алардын айлыгы 68 миң доллар. Жашоо деңгээли абдан жогору турган Швейцарияда эң төмөнкү айлык 500 миң сом, алды 20 млн сомго чейин алышат. Ватикан менен Швейцарияда гана мамлекеттик желектери төрт бурч, адамдардын жашоосу орто эсеп менен 81-85 жашка созулуп дүйнөдө Япониядан кийинки экинчи орунду ээлейт. Швейцариянын мыйзамы боюнча кечки саат 10дон кийин абсалюттуу тынчтык өкүм сүрөт. Чоңойтулган музыканы мындай койолу кир жууган машиналарды, дагы үн чыккан нерселерди иштетүүгө болбойт. Иттер үрбөсүн деп үрө турган жерлерин кестирип коюшат.Кызыгы Швейцарияда президентти жыл сайын алмаштырып шайлап турушат. Жыйырма бир кантондо немец тили өкүм сүрөт, беш кантондо француз тили. Эки кантондо немец, француз, бир кантондо немец, италян, роман.

Байден андан тышкары бир катар жетекчилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү. Айрым талдоочулар муну менен президент Сенатта импичмент маселеси каралып жатканда ишин жигердүү аткарып жатканын ишарат кылгысы келерин айтышат. Салтка айлангандай, Дүйнөлүк экономикалык форумду утурлай бир катар уюмдар өз отчётторун чыгарышат. «Oxfam International» өкмөттүк эмес уюму глобалдык теңсиздикти талдап чыгып, былтыр 2 миң миллиардердин байлыгы дүйнөдөгү 4 миллиард 600 миллион кишинин байлыгынан ашкан деген тыянакка келди. Андан тышкары, 22 миллиардер бардык африкалык аялдардыкынан көп байлыкка ээлик кылат. Изилдөөнүн авторлору «Форбстун» маалыматына таянышкан. Алар ошондой эле аялдар менен балдардын акысыз эмгеги дүйнөлүк экономикага жылына 10 триллион 800 миллиард доллар киреше алып келерин санап чыгышкан. Бул жогорку технологиялар өнөр жайы алып келген кирешеден 3 эсе көп. «Oxfam» мындай терс көрүнүштөр үчүн дүйнөлүк экономикалык системаны сынга алууда.

Чириген байлар менен өлбөстүн күнүн кечирген жакырлардын ажырымына нааразы болгон жүздөгөн кишилер форумдун салтанаттуу ачылышы болгон күнү Швейцариянын булуң-бурчунан келип, демонстрация өткөрүштү. Жыйынга 117 өлкөдөн 3 миңдей киши катышмакчы. Арасында 50 мамлекеттин жана өкмөттүн жетекчилери бар. Форумдун катышуучулары жаңы технологияларды жана кибер коопсуздукту өнүктүрүү, саламаттык сактоо, эмгек рыногунун жана бизнестин келечеги, куралдуу чатактарды жөнгө салуу жана башка маселелерди талкуулашмакчы. Быйыл негизги темалардын бири экология жана климаттын өзгөрүшү болмокчу. Форумдун алкагында эки глобалдуу долбоор ишке кирмекчи. Билим берүү программасы 1 миллиард кишини камтыйт деп күтүлүүдө. Ошондой эле планетада 1 миллиард көчөт отургузуу демилгеси ишке ашырыла баштайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

 

Последние новости