www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайчабаровдун ордуна Шыкмаматов келди

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов  “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Мээрим Кадырова билдирди.

“Алмамбет Шыкмаматов жакшы коммуникациялык жөндөмгө жана стратегиялык ой жүгүртүүгө ээ болуу менен Бишкек эркин экономикалык аймагын тартипке келтирет деп ишенем”, — деп жазды пресс катчы.

Буга чейин Кудрет Тайчабаров “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директорлугунан өз каалоосу менен кеткендиги маалымдалган.

Тайчабаров аталган кызматка 2022-жылдын 14-ноябрында дайындалган.

А.Шыкмаматов буга чейин Инвестициялар министрлигин жетектеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости