www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика тармагындагы баш аламандыкка бийликтин тарапташы, журналист Нургазы Анаркулов нааразылыгын айтып, соцтармактагы баракчасына капачылыгын билдирди.

Төмөндө текстин толугу менен өзгөртүүсүз окурмандарга сунуш кылабыз: 

"Урматтуу достор,

Энергетика тармагындагы кырдаалды жакшы түшүнөбүз. Отуз жылда талкаланып, мышык ыйлагыдай болуп калган. Бүгүнкү улам ар жактан жарыктын өчүп жаткандыгынын дагы объективдүү себептери бар. Иштелип чыккан электр энергиясы күнүмдүк керектөөгө чындап эле жетпей жатат. Бул чындыктан качып кутула албайбыз. Бул кризиске коңшу мамлекеттер дагы тушукту.

Маселе эмнеде? Кырдаал ушундай болуп жаткандан кийин элге калп маалымат бергенди токтотуш керек болчу. Элибиз башынан көп нерсе өткөзүп, баарына түшүнөт. Ачыгын айтып, азыркыдай чалды-куйду свет өчүрбөй, жакшынакай график менен өчүрүп турушса бүт баарына ыңгайлуу болмок. А бүгүн эмнеге күбө болуп жатабыз? Элге эч кабарлабай эле тигил же бул районду өчүрүп коюп жатышкандыктан, бирөөнүн тамагы бышпай калды, бирөөнүн от казаны иштен чыкты, муздаткыч, сыналгыдарды айтпай эле коёлу. Эгер алдын ала айтылса, элде мунун баарына даярдыгы болот эле го? Нааразычылык дал ушундан чыкты.

Анан да, өлкө жетекчилерин, биринчи кезекте президент Садыр Жапаровду "кышка даярдыгыбыз өтө жогорку деңгээлде"- деп ишендирип, алдап келген тармак жетекчилерине чара көрүлүшү керек. Бул мамлекеттик коопсуздук маселеси. Баарын жоопко тартыш керек, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдей дароо кызматтарынан алып, кылмыш ишин козгоо - учур талабы. Буларга тармакты мындан ары дагы ишенип, карматып олтура берсек - эртеңки күнү таш доорго барабыз.

Энергетика тармагы быйыл кышка эмнеге жеткиликтүү даяр болбой калды? Достор, бул тууралуу фактылар, ойлорду жазсаныздар, акыйкатка бирге жетели! - деп жазды Нургазы Анаркулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости