www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынбек Сулайманов шайлоого даярдана турганы кабарланды

Ысык-Көл губернаторлугунан Алтынбек Сулайманов өз арызы менен кетти. Негизи бул күтүлгөн көрүнүш болчу. Буга чейин ага карата сөгүш берилген.

Ич ара оюндар жүргөнү, бийлик төбөлдөрү менен келише албаганы айтылбаса да сезилип турган эле. Бир жагынан Баткенде согуш болуп, 62 жараныбыз каза таап, чоң жоготууларга, кыйроого учурадык.

Мунун баары саясый кырдаалга кескин түрдө таасир этет. Арканды алыс ыргыткан Алтынбек Сулайманов эртелей кызматын таштап, бийлик менен келише албаганын кыйытып, баса берди. Жарым жыл губернатор катары кандай иштегенине эл баа берет.

Али убакыт бар. А эң башкысы, каарманыбыз шайлоого даярдана турганын, саясый күчтөр менен кызматташарын аңдадык. Президенттикпи, же парламенттик күрөшкө аттанабы, азырынча ачыктала элек. Сыягы, оппозиция жааты күчтөнүүгө бара жатканы байкалууда.

Булак: Азия News гезити

Последние новости