www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДКО: Кыргызстандын көкпар курамасы Түркияны жеңип алды

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын жер улак (көкпар) боюнча курама командасы Түркиянын командасын жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Изник шаарындагы мелдеште кыргыз улакчылары атаандашын 9:3 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды.

Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу спорту боюнча күч сынашат. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирди.

Белгилей кетсек, Түркиянын Изник шаарында башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости