www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Астрахань облусунда Казакстан менен чек арага жакын жайгашкан "Караузек" көзөмөл-өткөрүү жайында мобилизация пункту ачылат. Бул тууралуу аймактын губернаторунун администрациясына таянып РИА Новости жазды.

"Көзөмөл-өткөрүү жайында федералдык каттоодо тургандардын документтери текшериле баштады. Ошондой эле, аскерге чакыруу талаптарына туура келгендер чек арадан өткөрүлбөй жатат. Жакынкы күндөрү орус-казак чек арасында убактылуу мобилизация пункту түзүлүп, чакыруу кагаздары бериле баштайт", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Астрахань облусунун Красноярск районунда күчөтүлгөн даярдык режими киргизилген. Бийликтин маалыматы боюнча, чек арада жеңил автоунаалардын узун кезеги пайда болгон. Алар менен катар жүк ташуучу машиналар да кезекте турат. Буга чейин Казакстан бийлиги өлкөгө мобилизациядан качып келген жарандарга издөө жарыяланбаса, аларды Орусияга кайтарбай турганын билдирген.

Эске салсак, 27-сентябрда Орусиянын Грузия менен чектешкен жеринде Түндүк Осетиянын "Верхний Ларс" көзөмөл-өткөрүү жайында да мобилизация пункту ачылган. Ал жакта аскерге чакырыла турчуларга кагаз берилүүдө. Маалым болгондой, бул тез арада чакыруу пунктуна жөнөтүү дегенди түшүндүрбөйт. Бирок аскер комиссариатына келбей койгон адам жоопко тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости