www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда төө буурчактын сатып алуу баасы туруктуу

Кыргызстанда төө буурчактын сатып алуу баасы туруктуу. Бул тууралуу Талас облусунун Төө буурчак экспорттоочулар ассоциациясынын төрайымы Чолпон Нурманбетова билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы дыйкандар 20 миң тонна «Лопатка», 30 миң тонна “Томатный” сортунан, калган 5% «Красавчик» жана «Ребой» сортторун жыйнашты. Бүгүнкү күндө «Лопатка» сортундагы төө буурчактын сатып алуу баасы 1 кг 100 сом, логистика жана чыгымдарды кошкондо 1 тоннасы 1550 АКШ долларын түзөт, ал эми «Томатный» сорту 65 сомдон алынууда. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл төө буурчактын баасы бир топ жогору.

2022-жылы жалпысынан Талас облусу боюнча 54,6 миң гектар жер аянтына төө буурчак айдалган. Азыркы учурда төө буурчакты жыйноо иштери жүрүп жатат.

2022-жылдын 26-сентябрына карата Талас облусу боюнча төө буурчак жыйноо иштери 37,5 миң га аянтта жүргүзүлүп, жалпы аянтка карата 68,6% түздү. Орточо түшүмдүүлүк 16,2 ц/га болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1,4 ц/га көп. Жалпы дүң жыйым 60,7 миң тонна топтолуп, ошондой эле былтыркы жылдан 5,5 миң тоннага көп болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости