www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Тажикстандын Кыргызстанга карата куралдуу агрессиясы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары БУУ, ЖККУ, ЕККУ жана башка уюмдарга кайрылуу жасайт.

Журналисттерге депутат Чыңгыз Айдарбеков билдиргендей, Жогорку Кеңештин депутаттары өз кайрылуусунда Баткен облусунда болуп өткөн окуяларга саясий баа беришти.

“Кайрылууда Кыргызстанга карата Тажикстан куралдуу агрессия көрсөткөнү белгиленди. Документте тажик тарап оор техника, артиллерия колдонулганы жана бардык аскердик аракеттер Кыргызстандын аймагында болгону берилген. Биз эл аралык уюмдардан куралдуу агрессияга укуктук баа беүү жана жоопко тартууну сурандык”, - дейт депутат.

Айдарбеков учурда АКШ Тажикстанга учактарды берүүнү карап жатканын жана ал учактар Тажикстанды коргоо үчүн эмес, Кыргызстанга агрессия көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости