www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга белгилүү тележурналист Алтынбек Жумалиев Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары Президенттин жана Кыргыз элинин алдында ант бергендиги тууралуу өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
— Бүгүн Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары Президенттин жана Кыргыз элинин алдында ант беришти. Ошол эле учурда ЖМКларда шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу, добуш сатып алуу тууралуу нааразы пикирлер айтылууда. Бул көрүнүш — коомдун аң-сезими али толук калыптана электигинин дагы бир белгиси.
Элибизде «Эл кандай болсо — бийлик ошондой» деген сөз бар. Анда мыйзам ченемдүү суроо жаралат: коомдун ой жүгүртүүсүн, аң-сезимин кантип өзгөртөбүз?
Адам баласы туулгандан тартып тарбия аркылуу калыптанат. Бул жерде ата-эненин ролу чечүүчү. Кошоматчылыкты, саткынчылыкты, коррупцияны көрүп өскөн бала эртеби-кечпи ошол жолду тандашы мүмкүн. Убакыт муну далилдеп келатат. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» деп бекеринен айтылбайт.
Эгемендик алгандан бери коомдогу баалуулуктар олуттуу өзгөрдү. Маалыматка эмес — ушакка, эмгекке эмес — тез байыганга, жоопкерчиликке эмес — көрүнүүгө умтулган «кумирлер» көбөйдү. Натыйжада криминал дүйнөсүнүн өкүлдөрү, сабатсыз шоу-персонаждар, жоопкерчиликсиз саясатчылар жаштар үчүн үлгү болуп калды. Бул — эң өкүнүчтүү көрүнүш.
Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы коомубуздун бир өңчөй эмес, ала-була, ар түрдүү экенин айкын көрсөттү. Ошентсе да, «Үмүтсүз — шайтан».
Качан гана акчага же бийликке эмес, билимге, профессионалдуулукка, адилеттүүлүккө, маданиятка баа бере баштаганда, ошондо гана коом туура нукка бурулат.
Бүгүн шайланып келген депутаттар тууралуу дароо кескин өкүм чыгаруудан мурда, башкалардын тандоосун сыйлоону да үйрөнүшүбүз керек. Коомдо кошоматчы, коррупцияга аралашкандар бар экени жашыруун эмес. Ошол эле учурда таза ниет, ак кызмат кылуу максаты менен келгендер да бар. Жакшыдан үмүт кылалы.
Шайлоо өнөктүгүндө айрым саясий топтордун бүгүнкү бийликке жакын талапкерлерди ачык же кыйыр колдоп жүргөнү коомчулукка белгилүү болду. Бул көрүнүш дагы бир жолу принципсиз саясаттын бар экенин көрсөттү.
Ал эми депутаттарга айтаарым: бул — силер үчүн Кудай берген сыноо. Ар бир кадам үчүн жооп берилчү күн келет. Эч нерсе Алланын көз жаздымында калбайт.
Кайра-кайра шайланып жатканыңарды «мен күчтүмүн» деп түшүнбөгүлө. Эл ичинде айтылгандай, Кудай кээде пендесин байлык жана бийлик менен сынайт, — дейт Алтынбек Жумаев.
Эске сала кетсек, 17-декабрда Жогорку Кеңешке шайланып келген 87 депутатка мандаттары ыйгарылып, алар Президенттин жана Кыргыз элинин алдында ант беришти.
Ал эми №13 шайлоо округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылып, аталган округда кайра шайлоо өткөрүлмөй болду.
Быйылкы шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, алардын ичинен 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 пайызын түздү.
Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ошондой эле чет өлкөлөрдө 100 добушкана уюштурулду.
Маалыматка ылайык, 190 миң 30 шайлоочу аралыктан добуш берген.