www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп 16-декабрда АКШнын аймагына кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти. Бул тууралуу NazarNews агенттигине кытайлык CCTV-plus агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаңы тизмеге Буркина-Фасо, Мали, Нигер, Түштүк Судан жана Сирия киргизилди. Мындан тышкары, Палестина администрациясы тарабынан берилген документтери бар жарандарга да АКШга кирүүгө тыюу салынды.
Ошондой эле АКШ бийлиги дагы 15 өлкөнүн жарандарына карата жарым-жартылай чектөөлөрдү киргизди.
Алар: Ангола, Антигуа жана Барбуда, Бенин, Кот-д’Ивуар, Доминика, Габон, Гамбия, Малави, Мавритания, Нигерия, Сенегал, Танзания, Тонга, Замбия жана Зимбабве.
Эскерте кетсек, июнь айында эле Афганистан, Мьянма, Чад, Конго Республикасы, Экватордук Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемендин жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салынган. Ошондой эле Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того, Түркмөнстан жана Венесуэладан келгендерге карата чектөөлөр күчөтүлгөн.
Жаңы киргизилген чектөөлөр АКШга туристтик максатта барууну же ал жакка көчүп барууну каалаган жарандарга тиешелүү.
Бирок, бул тыюу салуулар АКШда мыйзамдуу негизде туруктуу жашаган жарандарга, ошондой эле дипломаттарга, спортчуларга жана АКШнын кызыкчылыгына кызмат кылат деп эсептелген айрым категориядагы адамдарга караштуу эмес.
Расмий билдирүүдө өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери айтылган.
Документте айрым өлкөлөрдө визанын мөөнөтүн бузган жарандардын үлүшү жогору экени, ошондой эле АКШ депортациялоону көздөгөн жарандарды кабыл алуудан баш тарткан учурлар бар экени белгиленген. Мындан тышкары, айрым мамлекеттерде саясий туруктуулуктун жана мамлекеттик көзөмөлдүн жетишсиздиги текшерүү иштерин кыйындатары көрсөтүлгөн.
АКШ бийлиги бул чараларды иммиграциялык көзөмөлдү күчөтүү, тышкы саясат жана улуттук коопсуздук маселелери менен байланыштырууда.