www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтымыш аксакал тагдырдын түрдүү сыноосуна кабылып, 80 жашка келсе да кайратынан кайтпай, акылынан жанбай, алдыга койгон максатын айтып, жакшылыктан үмүтүн үзбөй келет.
-- Алтымыш ата, карылар үйүнө келгениңизге канча болду?
-- Бул жакка келгениме он сегиз жыл болуп калды. Өзүм Чоң-Кеминден болом, Акаевдин жердешимин. Шаарда алтымыш жыл жашадым. Азыр сексен жашка чыктым. Буюрса, Кудайдан суранып “жүздөн ашсам” деген үмүтүм бар. Сексен жашка келсем да таяк таянбайм. Кыймыл аракетим, ден соолугум жакшы, Кудайга шүгүр! Жаш кезде жаңы бут кийим жасаган чебер болчумун. “Өнөрлүү өлбөйт” дегендей, жөндөмүм болгон үчүн кол өнөрчүлүк менен алектенип жан бактым. Азыр эми пенсиямды чогултуп, “өзүмө үй сатып алсам” деген тилегим бар.
-- Ошондо канча пенсия аласыз?
-- Пенсиям болгону төрт миң сом. Чынында ал эч нерсеге деле жетпейт. Банктан карыз акча алып, соцфондго төгүп, пенсиямды көбөйтүп алууну ойлонуп жүрөм. Албетте, ойлорум ишке ашса эгер. Болбосо карылар үйүндө эле жашай берем. Бул жакта бизге жакшы эле шарт түзүлгөн. Бир жыл мурун карылар үйүнөн үйлөнгөм. Азыр жанымда кемпирим бар. Ага чейин дагы карылар үйүнөн бир кемпирге үйлөндүм эле, ден соолугуна байланыштуу ал киши кайтыш болуп кетти. Ичкилик ичпейм. Ичкиликтин айынан ден соолугунан, алтургай өмүрүнөн ажырап жаткандарды көрүп эле жүрөм.
-- Бала-бакыраңыз барбы?
-- Эки уулум бар эле, бирөөсү каза болуп калган. Экинчиси шаарда эле жашайт. Бирок, жолуга албай жүрөм. Мүнөзү мени тартып калса керек да, намыскөй. Мага келбей койду. Буюрса, пенсиям көбөйсө уулумду өзүм издеп табам, катташам дегендей... Балдарымдын апасы менен жети жыл гана жашадым. Убагында кайненем бизди ажыраштырып койгон. Уулдарым апасында калып, мен алимент төлөп жүрдүм. Бала кезден балдарым менден алыс өстү. Балким ошого боор тартпай жаткандыр.
Назима Жумаева
Булак: "Азия Ньюс"