www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматтарга караганда Кыргызстандын алтын валюта резервинин көлөмү 2 миллиард 244 миллион 520 миң, долларды түздү.

Мындай рекорддук көрсөткүч 2014 - жылдын июль айында да болуп, анча резервдин көлөмү азыркыдан 18,5 миллион долларга көбүрөөк болгон деп айтылат Улуттук Банктын билдирүүсүндө.

Ал эми май айына салыштырмалуу 73,5 миллион долларга жогорулаган. Башкача айтканда, саатына 102 миң доллардан өсүүдө.

Кыргызстандын эл аралык валюта резервинде валютанын ондон ашуун түрү, CDR (атайын карыз алуу укугу — жасалма резерв жана Эл аралык валюта фондун төлөө каражат) жана алтын бар.

Аларды эл аралык деңгээлде колдонуп, төлөм жүргүзүп, төлөө баланстарынын дефицитин жабуу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн колдонууга болот.

Булак: Факты.kg

 

Последние новости