www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Али Токтакуновдун иликтөөсүндөгү айтылган өлкөдөн чыгарылып кеткен акча каражаттары боюнча тергөө органдары тарабынан видеосюжеттеги факттарды анализдеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга сурамдарды жиберүү жана керектүү документтерди алуу боюнча иштери аткарылганын билдирди. Бул тууралуу маалыматты "Супер.кж" сайты ачыкка чыгарды.  Ошондой эле журналисттик иликтөөдөгү банктык которуулардын документтери бар 500 000 АКШ доллары, 2017-жылдын 13-январдагы 729 000 доллар, 2016-жылдын 20-сентябрындагы 100 200 доллар, 2016-жылдын 19-сентябрындагы 649 500 долларлык банктык которуулар, ошондой эле айтылган, бирок документи көрсөтүлгөн эмес 160 000 долларлык акча которуу (жалпы сумма 2 338 700 доллар) Айеркин Саймаити жана “Wufuli Bumailiyamu” аркылуу “И.Матраимовдун атындагы фондго” которулган дегени тастыкталган жок.

Мындан тышкары, “Wufuli Bumailiyamu” аталган фондго 2016-жылдын 25-августунда 100 000 доллар жана 99 958,20 доллар которулганы банктык документтерден анык болду. Мындан улам, ЭККМК Али Токтакуновдон журналисттик иликтөөдө айтылган бардык документтерди көрсөтүүсүн талап кылат.

Соттук өндүрүшкө чейин ЭККМК “Исмаил Матраимов атындагы фонд” коомдук кайрымдуулук фонддун ишемердүүлүгүн текшерип, фонд экономикалык ишмердүүлүк жүргүзбөй тургандыгын, кайрымдуулук менен алектенерин аныктады. Фонддун өлкөдөгү банктардын биринде эсептик счету бар жана каалоочулардын өз эрки менен ага акча каражаттары которулат. Али Токтакуновдун иликтөөсүндөгү айтылган аталган фонд Айиркен Саймайти жана Wufuli Bumailiyamu группасынан 2 миллион 338 700 доллар которулгандыгы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2014-жылдан 2019-жыл аралыгында фондго 1 миллион 439 миң 348, 50 доллар жана 221 миң 600 сом которулганын аныктады. Эсептик счетко которгон жеке жана юридикалык жактар:

- «Ж.М.» 10 000 доллар;

- «М.Ч.» 10 000 доллар;

- «W.B.» , Стамбул шаарынан 199 958,2 доллар;

- «D.A.», Стамбул шаарынан 170 588,00 доллар;

- «S.C.K.G.», Стамбул шаарынан 139 965,10 доллар;

- «A.G.T.F.», БАЭден 159 965,00 доллар;

- «A.A.», Өзбекстандан 499 950,00 доллар;

- «R.J.», Стамбул шаарынан 199 760,20 доллар;

- «P.O.», Москва шаарынан 49 162,00 доллар;

- «М.Р.» 221 600,00 сом.

Азыркы учурда соттук өндүрүшкө чейинки чогултулган бардык банктык жана бухгалтердик докмументтер териштирилип жатканы маалыматта жазылат.

 

Последние новости