www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү деген кызматты жоюу керек", - деп бүгүн, 2-февралда депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Аймактарды өнүктүрүү деген жыл жарыяланып, сөз боюнча калып кетти. Менин оюмча айыл өкмөттүн башчыларына мүмкүнчүлүк бериш керек. Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү деген кызматты жоюш керек. Анын эмне кереги бар? Акимдерди бүгүн болбосо келечекте жоюу зарыл. 453 айыл өкмөт башчыларын кыскартып, алар менен премьер-министр түз иш алып бериши шарт. Ортомчулардын эмне кереги бар? Алар лента кесип, чоң кызматтагыларды тосуп алгандан башка иши жок. Айыл өкмөт башчылардын өзүнө бүт маселени берүү зарыл", - деди ал.

Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан талапкер Улукбек Марипов: "Бул боюнча сиздер менен кеңешебиз. Административдик реформа боюнча кээ бир кадамдарга барыш керек", - деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости