www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин орун басары Таалантбек Масадыков эки орчундуу саамды өткөрүп жиберди. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев социалдык баракчасына жазды. 

--"Президенттин орун басары болуп дайындалган Таалантбек Масадыков мырза өз компетенттүүлүгүн көрсөтө турган эки орчундуу саамды өткөрүп жибердиби дейм.

Биринчиси, Ташкентте өткөн Афган маселеси боюнча чоң жыйын... Барып, катышып, маселедеги Кыргызстандын позициясын так чийип көрсөтүп келсе дурус болмок. Бул жерде катардан калып калгандай болуп калдык, эсепке кирбей...

Экинчиси, Афгандан башын калкалап тажик чегинен өтүп кеткен кыргыз боордоштор маселеси. Тышкы иштер министирлиги алакан жайып отурат: "тажик коңшулар бизди тоотуп да койбой, кайрылууларга жооп да бербей, келгендерди кайра афган чегинен ары сүрүп салды" деп. Ушул жерде чечкиндүүлүк, компетенттүүлүк көрсөтүп, өлкөнүн позициясын коргоп алса дурус болмок.

Дайындалганда эл катары мен да сүйүндүм эле", - дейт коомдук ишмер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости