www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жаткан митинг өтүп жатат. ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов аянттагы жыйынга кирип келди.

Ал өз сөзүндө:

--Мен шайлоону тааныбаймын! Силерчи?! Биз бул шайлоону тааныбайбыз, шайлоо кайрадан  болсун.  Алдыңкы 3 партия шайлоого катышпасын! Биздин талап таза шайлоо – жаңы шайлоо, биз башка эч нерсе сурабайбыз. Урматтуу Сооронбай Шарипович биз сизден эч нерсе сурабайбыз! Урматтуу дегенге жиниңер келбесин, шайлоо кайрадан болсун! Биз бүт дүйнөгө шерменде болдук.

Мирлан Жээнчороев, “Бул шайлоонуу жокко чыксын деген талапты коёбуз. Бул шайлоону тааныбайбыз” –деди.

Эске сала кетсек 30 жылдан бери бийликте олтурган митингдин аткаминер катышуучулары, буга чейин бийликтин бетине ачуу чындыкты айтап албагандар өткөнгө нараазы. Алар учурда мамлекеттин артында турган калбыры менен иши жок, айлыктарыңарды көтөрүп беребиз деп катардагы “лапшаларды” илүүдө. Буга чейин 2010-жылы УӨ аянтта ант ичип келгени эсибизде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости