www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-октябрда «Дарё» басылмасы кармалгандар Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) Кашкадарыя облусундагы бөлүмүнүн тергөө абагында кыйноого кабылгандыгы тууралуу макала жарыялаган. Алишер Гулистанов менен Дильшод Умаров сотто сүйлөп, психикалык жана физикалык зомбулукка туш болгонун айтышкан. Бул тууралуу  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” билдирди.

«Тергөө адвокаттардын катышуусу менен мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөн. Ар үч күн сайын медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Тергөө абагында видеокөзөмөл камералары орнотулган, кармалгандарга карата эч кандай физикалык, моралдык кысым болгон жок», — деп жазылган облустук прокуратуранын билдирүүсүндө.

Буга чейин облуста газ куурунун газ конденсатын уурдоо, ошондой эле укук коргоо органдарына пара берүү айыптары менен 31 киши кармалганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости