www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Алымкадыр Бейшеналиев эмнеге мас экенин айтты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев арак ичпей турганын дагы бир ирет айтып, ар дайым бактылуу болгондуктан жашоого мас болуп жүргөнүн билдирди. Министр "Бешинчи каналга" интервью берген.

"Мен арак ичпейм. Өзүмдүн мүнөзүм ушундай. Корпоративде баары арак ичет деп ойлошот экен. Мен операция болгондон кийин дайыма суусундук ичип турбасам үнүм жоголуп кетет. Мына суу турат, күнүгө 20 таблетка дары ичем. Президент муну жакшы билет. Мен арак ичпейм, бирок бактылуу болгондуктан жашоого мас болуп, күлүп жүрөм. Элестеткиле, ушинтип кийинип алып кантип эле мас абалда конференция өткөрөйүн?" — деди Бейшеналиев.

Эске салсак, Бейшеналиев буга чейин дагы арак ичпей турганын айтып, корпоративде ичимдиктин ордуна дайыма суу куюп алып, эл менен кошо ичип жаткандай түр көрсөтөөрүн билдирген. Анын айтымында, эгер министр ичпей отуруп алса, кесиптештери дагы жакшы эс ала албай калат.

Ичимдик боюнча чуу Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборун кайра түзүү маселеси көтөрүлгөндө пайда болгон. Анда министр дарыгерлер менен жолугушууга мас болуп келгени айтылган.

Интернет тармактарына дагы Бейшеналиев стакандагы суюктукту таттуу суусундук менен ичип жаткан видео тараган. Саламаттык сактоо министрлиги "Бейшеналиев дары ичкен" деп түшүндүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости