www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жерлеринде иштеген дарыгерлерге стимулдаштыруучу төлөм берилет.
Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети 2026-жылдын 27-августунда кабыл алган.
Токтомго ылайык, «дарыгердин депозити» деп аталган төлөмдүн өлчөмү социалдык чегерүүлөрдү кошкондо кварталына 66 миң сом болот. Программага 1 миң дарыгер катышат.
Бир дарыгер бир жылда 264 миң сомго чейин, ал эми үч жыл ичинде жалпы 792 миң сом стимулдаштыруучу төлөм ала алат.
Программа алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айылдарда жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына, ошондой эле мамлекеттик медициналык ЖОЖдордун клиникалык базалары болуп саналган мекемелерге жайылтылат.
Катышуучулар конкурстук негизде тандалат. Биринчи кезекте мамлекеттик медициналык ЖОЖдорду бүтүрүп, милдеттүү иштөөгө жөнөтүлгөндөргө жана аймактардагы кадр тартыштыгын жоюу үчүн жөнөтүлгөн дарыгерлерге артыкчылык берилет.
Бош орундар калган учурда аталган аймактарда буга чейин иштеп жаткан дарыгерлер да катыша алышат.
Программага жөнөтүлүүчү жана учурда иштеп жаткан дарыгерлер үчүн жаш курак чеги 50 жашка чейин белгиленген. Колдоо дарыгер тиешелүү медициналык мекемеде үзгүлтүксүз иштеген шартта үч жылга чейин көрсөтүлөт.
Программанын алкагында дарыгерлерге социалдык-тиричилик шарттарын түзүүгө жергиликтүү бийлик органдары көмөктөшөт. Анын ичинде балдарын бала бакча жана мектепке жайгаштырууга жардам берүү каралган.
Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги бир айдын ичинде конкурстук тандоо жана программага катышуу тартибин иштеп чыгышы керек.