www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мечиттердин биринде уурулук кылган деп шектелген жаран кармалды.

Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-сентябрда милицияга С.У. аттуу жаран кайрылып, мечитте калтырып кеткен барсеткасынан Redmi үлгүсүндөгү телефону жана 5 600 сому уурдалганын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран аныкталып, кармалган.

Соттун чечими менен шектүү 4-ноябрга чейин камакка алынып, №1 тергөө абагына киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандын дагы үч ушул сыяктуу уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Последние новости